Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Октябрь районунун №15 ҮБМБсы 44 жыл иштеп жатат. 36 жыл аралыгында бул бейтапканада абдан эскирген рентген аппаратты пайдаланып келишкен. Италиялык өндүрүштөгү, наркы 13 млн. 700 миң сом турган жаңы рентген аппарат абдан жогорку өткөрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ. Республиканын саламаттык сактоо министрлигинин линиясы боюнча медициналык жабдуу сатылып алынды.

Бишкек шаардык кеңештин депутаты Алмазбек Кененбаевдин активдүү көмөгү менен жаңы жабдууну орнотуу үчүн жай ремонттон өткөрүлдү. Бардык иштер бейтапкананын ишинин жаңы стандартына ылайык аткарылды.

“Жаңы кабинет ачуу менен биз тургундарга диагностикалык жардамдын жеткиликтүүлүгүн гана жогорулатпастан, оорулардын баштапкы стадиясында табылуусун жакшырттык. Рентген кабинеттин ачылышы социалдык чөйрөнүн маселелерин, саламаттык  сактоонун шаардык тутумун жакшыртуу маселелерин чечүүдөгү жакшы кадам болуп саналат” – деди Бишкек шаардык кеңештин “КСДП” фракциясынын лидери Алмаз Кененбаев.

         ҮБМБда бардыгы Октябрь районунун 44 миң бейтабы тейленет.