Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Бүгүн Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Канатбек Музуралиев Улуу Ата Мекендик согушутун ардагери, Ленин районунун ардагерлер кеңешинин төрагасы Валетина Касатыхты 90-жылдык мааракеси менен куттуктады.

Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун өнүгүүсүнө кошкон зор салымы, көп жылдык ак эмгеги жана жогорку кесипкөйлүгү үчүн Валетина Касатых “Бишкек шаарына ак ниет кызматы үчүн” медалы менен сыйланды.

Сыйлыкты тапшырып жатып Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Валентина Касатыхтын улгайган курагына карабай көп нерсе жасап жаткандыгын, ата-бабалардын өлбөс-өчпөс эрдиктерин дайым эстерине тутуп, алардан үлгү алуу  үчүн жаш муундарга аскерлердин баатырдыгын,  согуш жөнүндөгү чындыкты айтып келээрин белгиледи. “Анын тагдыры – каардуу согуш мезгилинде жаш муундардын көтөргөн оор жүгүн ачык чагылдырган мисал”-деди төрага.   

Валентина Андреевна өмүр бою талыкпай эмгектенген инсандардын бири. Азыр дагы, 90 жашка чыкканына карабай, ал Ленин районунун ардагерлер кеңешин жетектеп келет. Бул кызматта туруп, ал элге сөз менен да, иш менен да жардам берүүгө аракет жасайт.

Маараке ээсинин айтуусу боюнча бул анын 43-сыйлыгы.