Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Борбордо №35 автобус маршруту комфортабелдүү жапыз полдуу чоң сыйымдуулуктагы жаңы автобустар менен толтурулат. Автобус майыптар үчүн дагы ыңгайлуу болот. Алынган машиналар газ менен иштемекчи.

         Линияга 100 автобус чыгып, алыскы аймактардын транспорт менен камсыздалуусу жакшырат. №35 маршрутту коммерциялык ташуучу камсыздайт.

         Азыркы учурда борбордун муниципалитетинин шаардык транспорт башкармалыгында 160 автобус бар. Бүгүнкү күндө        линияга 120 бирдик чыгууда.