Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Отурумга Асылбек Кадралиев, Наталья Кулматова, Анатолий Горбунов, Улан Абдыкадыров жана Бишкек шаарынын ИИБсынын Патрулдук милиция башкармалыгынын начальниги Талант Барпиев катышты. 

Отурумда Ремесленная-Бакаева көчөлөрүнүн кесилишинде быйылкы жылдын 21-апрелинде болуп өткөн жол-транспорт кырсыгы боюнча маселе каралды. Окуяда сиздер билгендей  эки окуучу  жабыр тарткан, иш  балдардын өмүрү жана ден-соолугу жөнүндө болгондуктан ага депутаттар кабатыланышты.

Борбордун ИИБсынын ПМБсынын начальниги эки окуучуну автомашина коюп кеткен окуя боюнча аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат берди.

Талант Барпиевдин маалыматын угуп, туруктуу комиссиянын мүчөлөрү патрулдук милиция жол коопсуздугун жакшыртуу багытында ишин күчөтүүсү керектигин белгилешти.