Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Бишкек шаарынын 139 жылдыгы майрамдык маанайда, масштабдуу өттү. Негизги иш-чаралар – театралдаштырылган программа, чыгармачыл топтор, ансамблдер, ата-мекендик опералык жана эстрада жылдыздары катышкан майрамдык концерт Эски аянтта өттү.

Майрамдык иш-чараны кыргыз элинин салттарынын кайталангыс колоритин камтыган комуз, ооз комуз сыяктуу кыргыз элдик музыкалык аспаптар ансамлдери ачты.

Борбордун туулган күнү менен борбордун тургундарын жана шаар меймандарын Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Канатбек Музуралиев куттуктады. Өз сөзүндө ал төмөнкүлөрдү айтты: “Бишкек – бул өз тарыхы, маданияты жана өз салттары бар шаар. Ар бирибиз Бишкектин өнүгүүсүнө салым кошуп келебиз. Бишкек шаардык кеңештин депутаттары өз кезегинде шаарыбыз заманбап жана жашоого ыңгалуу болушу үчүн бардык аракетин жасап келе жатышат.”

Шаардын мэри Албек Ибраимов дагы шаар тургундарын майрамы менен куттуктап, шаардыктар – ар бир шаар үчүн негизги байлык экендигин белгилеп өттү.

Куш формасындагы шарлардын топтому жана “Бишкек 139” баннери менен чоң шар Шаар күнүн майрамдоого өзгөчө көрк кошту.

Шаар күнүн майрамдоонун алкагында Эмен багында көргөзмө жарманке, спортчулардын көрсөтмөлүү номерлери, байкерлердин парады жана балдар чыгармачылыгынын аянтчалары уюштурулган.