Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Гульнара Молдобаеванын жетекчилигиндеги Бишкек шаардык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясы мектепке чейинки мекемелердин иштери жөнүндөгү маалыматты укту.

“Борбор калаанын билим берүү тутумунда 13830 орундуу долбоорлук сыйымдуулугу бар 84 мектепке чейинки билим берүү уюму иштейт. Бирок учурда шаардык бала бакчасы менен атайын мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде 31596 бала тарбияланат, ал нормадан 2,3 эсе көп. Бакчадан орун алуу кезегинде 5071 бала турат. 2017-жылы мектепке чейинки билим берүү уюмдарына болгон муктаждык 27 объектти түздү” – дейт Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын начальниги Сауле Мейрманова.

Борбордун билим берүү башкармалыгынын начальнигинин берген маалыматын угуп, туруктуу комиссия аталган ведомствого бала бакчалардын инфраструктурасын өнүктүрүүгө кошумча булактарды издөө тапшырмасын берди.