Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Бишкек шаардык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясы “Бишкек шаардык кеңештин 2008-жылдын 27-ноябрындагы №20 “Бишкек шаарында көп квартиралуу турак үйлөрдү үлүштүк куруунун тартиби жана шарттары жөнүндө” жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” токтомунун долбоорун карап чыкты

.

Аталган документке ылайык, Бишкек шаарынын борбор калаанын аймагында менчик формасына көз каранды эмес эмгек өтөгөн ар бир тургуну үлүштүк курулушка катышууга укугу бар.

Жобого киргизилип жаткан өзгөртүүлөр Бишкек шаарынын социалдык чөйрөсүнүн муниципалдык жана бюджеттик кызматчыларына жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын колдоосу менен турак жай алуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтет, себеби жеке ишкердик чөйрөсүндөгү кызматчыларга салыштырмалуу бюджеттик кызматчылардын негизги бөлүгүнүн айлык акыларынын төмөндүгүнө байланыштуу турак жай шарттарын жакшыртуу мүмкүнчүлүгү жок. Ошентип, Бишкек шаарынын муниципалдык кызматчылары үчүн батирлердин 10% берүү жөнүндөгү пункту алып салынып, үлүштүк курулуштун катышуучулары ким болоруна ачык чектөө киргизилди.

Жыйындын жыйынтыгы боюнча туруктуу комиссиянын мүчөлөрү Бишкек шаардык кеңештин муниципалдык менчик, жер маселелер, шаар курулуш жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясы менен бирдикте жобого киргизилип жаткан өзгөртүүлөрдү кайрадан талкуулап чыгуу чечимин кабыл алышты.