Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча комиссиясынын  2015-жылдын 23-июлундагы №76 токтомунун жана Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын кайрылуусунун негизинде Бишкек шаардык кеңеш  кошумча участкалык шайлоо комиссиялардын   курамына документтерди кабыл алуу башталгандыгын жарыялайт.

Бишкек шаардык кеңеш  кошумча участкалык шайлоо комиссиялардын   курамына талапкерлерди көрсөтүү боюнча коомдук бирикмелерге жана шайлоочулардын чогулушуна кайрылат жана документтерди жана  коомдук бирикмелер менен шайлоочулардын чогулуштарынын талапкерлерди көрсөтүү боюнча протоколдорун кабыл алуу 2015-жылдын 3-августунан 10-августуна чейин күнүгө саат 9.00 дөн 18.00 гө чейин жүргүзүлөөрүн маалымдайт. Документ тапшыруу 2015-жылдын 10-августунда саат 18.00 дө аяктайт. Кабыл алуу Бишкек шаары, Чүй проспекти,166 дарегиндеги №212, 218 кабинеттерде жүргүзүлөт.

Тапшырууга керектүү болгон документтердин топтому менен кеңирирээк  61 34 65, 62 58 14 телефондору боюнча кайрылып билсеңиздер болот. 

БАШКнын кайрылуусу