Ардактуу энелер!
Сиздерди Бишкек шаардык кеңештин депутаттарынын жана жеке өзүмдүн атыман ыйык майрамыңыздар менен куттуктайм!
Президентибиздин Энелер күнүн жарыялаган жарлыгынан улам, быйыл үчүнчү жолу энелерибизге сый-урмат көрсөтүп, ыраазычылык сөздөрүбүздү айтууга мүмкүнчүлүк болуп жатат.
Эне - үй-бүлөнүн, жалпы адамзаттын куту, өмүрдүн булагы. Эненин үй-бүлөдөгү орду жана ролу баа жеткис. Сиздердин демиңиздер менен ар бирибиздин жүрөгүбүздө, ар бир үй-бүлөдө, коомубузда жылуу сезим, жакшы таалим-тарбия, ийгилик жаралат. Ошондуктан, урматтуу энелер, сиздердин кайратмандыгыңыздарга, чыдамкайлыгыңыздарга баш ийип, таазим кылабыз.
Сиздерге жана жакындарыңыздарга бекем ден-соолук, үй-бүлөлүк бакыт, бакубат жашоо каалайбыз!
Бар болуңуздар, асыл зат энелер!
Терең урматымды билдирип,
Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Марат Аманкулов