Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 
Урматтуу Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери, оорук эмгекчилери, бишкектиктер жана борбор калаанын коноктору!
Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Куванычбек Конгантиевдин Бишкек шаарынын күнү менен куттуктоосу!
Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Куванычбек Камбаралыевич Конгантиевдин шаар тургундарын жана конокторун ыйык Орозо айт майрамы менен куттуктоосу
Президиум Бишкек шаардык кеңешинин кезектеги XXII сессиясынын күнүн жана убактысын 2024-жылдын 25-апрелине саат 09-00 го белгиледи.
Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Конгантиев Куванычбек Камбаралыевич борбордук аянтта  Нооруз майрамына карата уюштурулган гала- концертке катышып шаар тургундарын жана кадырлуу конокторун  куттуктады.

«Бишкек медициналык колледжи мамлекеттин алдыӊкы саптагы медициналык мекемесине кирет.

Кылымдык тарыхында сиздердин мекеме өзүн жакшы тараптан гана көрсөтпөстөн, өзүнүн медициналык мектебин, жаӊы билим берүү методторун киргизип, уникалдуу салтын да сактап келет», — деди Жаныбек Абиров, конференциянын катышуучуларына сүйлөп жатып.

Бишкек шаардык кеӊештин төрагасы Жаныбек Абиров эмгек жамаатын бул маареке менен куттуктап, көп жылдык үзүрлүү эмгеги, саламаттык сактоо системасына кошкон зор салымы жана жогорку квалификациядагы медицина кызматкерлерин тарбиялап өстүргөндүгү үчүн, Бишкек медициналык колледжинин 90-жылдык мааракесине карата Бишкек шаардык кенештин Ардак грамотасы менен:

  1. «Фармация» бөлүмүнүн башчысы Бабаджанова Замира Джамаловна;
  2. башкы лаборант Мамырова Зулайде Ормонбековна;
  3. «Медайымдык иш» бөлүмүнүн башчысы Мырзаева Азиза Абдырашитовна;
  4. «Педиатрия» предметтик-циклинин окутуучусу Эгембердиева Айдай Омурбековнаны сыйлады.

Ошондой эле административдик-чарбалык бөлүм боюнча директордун орун басары Шыйкымбаев Марат Айтбаевич; «Фармацевтикалык-химия предметтик»-циклдик комиссиясынын төрайымы Намазбекова Кундуз Мамбетакуновна; «Педиатрия» предметтик-циклдик комиссиясынын окутуучусу Давлеталиева Фатима Усенбековна; №1 окуу корпусунун нөөмөтчүсү Орунова Гулмира Токоевна; «Ортопедиялык стоматология» предметтик-циклдик комиссиясынын окутуучусу Бакеев Руслан Жекшенбекович жана Башкы бухгалтер Оморова Айнура Оторбековнага Ыраазычылык каттар берилди.

Мааракеге ошондой эле көрүнүктүү дарыгерлер жана коомдук ишмерлер катышты.