Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

 

Урматтуу Бишкек шаарынын жашоочулары жана коноктору!

Сиздерди Бишкек шаардык кеңешинин жана жеке өзүмдүн атымдан Нооруз майрамыңыздар менен куттуктайм!

Нооруз жаңыланууну жана кайра жаралууну, өнүгүү менен биримдикти билдирет. Жылдын ушул маалында күн түн менен теңелип, табият ойгонот. Андыктан ата-бабаларыбыз эзелтен эле бул жаркыраган жаз майрамына өзгөчө маани беришкен.

Ал коомдогу тынчтык жана ынтымак баалуулуктарына негизделет, биздин улуттук каада-салттарыбыз, үрп-адаттарыбыз аны менен тамырлаш. Бүгүнкү күндө Нооруз чыныгы элдик майрамга айланды.

Бул күндөрү кайрымдуулук, боорукердик, жаратмандыкка умтулуу сыяктуу сапаттар алдыңкы орунга чыгып, өлкөбүздөгү биримдикти, ынтымакты бекемдөөгө өбөлгө түзөт.

Нооруз ар бир үйгө бакыт, кубаныч алып келсин!

Баарыңыздарга ден соолук жана бакубат жашоо каалайм!

 

Урматтоо менен, Куванычбек Конгантиев.