Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Сиздерди Бишкек шаардык кеңешинин жана жеке өзүмдүн атымдан Улуу Жеңиш күнү менен чын дилимден куттуктап кетүүгө уруксат этиңиздер!

9-май – адамзаттын жашоосунда ар дайым өзгөчө орунду ээлей турган даңктуу Жеңиш күнү. Советтер Союзунун бардык республикаларынын жарандары фашизмге каршы биргелешип салгылашкан. Согуш жылдарындагы оор сыноолордон жабыркабаган бир дагы үй-бүлө жок.

Биздин чоң аталарыбыз, аталарыбыз, аскер кызматкерлери, оорук эмгекчилери балдарынын бактылуу келечеги үчүн күрөшүшкөн. Эбегейсиз зор жоготуулардын баасы менен тынчтык жана эркиндик укугун жеңип алышкан.

Жеңиш майрамы бизди кубанычка, ошол эле учурда согушта курман болгондор үчүн кайгыга толтурат. Бүгүн биз ушул Улуу күндү көрүп жашап өткөн ардагерлердин эрдигине таазим этип, ыраазычылык билдирип, ден соолук каалайбыз.

Бул майрамда бардык үй-бүлөлөргө бакубатчылык жана эң негизгиси ачык асман каалайм.

Урматтоо менен,  Куванычбек Конгантиев.