Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 20-сентябрындагы № 271 “Кезектеги III Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” Жарлыгын, “Кезектеги III Элдик Курултайды өткөрүү боюнча уюштуруу комитети жана делегаттарды шайлоо боюнча ишти координациялоо жөнүндө” убактылуу жобону жана кезектеги III Элдик Курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча календарлык планды аткаруу менен, XXIX чакырылыштагы Бишкек шаардык кеңешинин кезектеги 1-сессиясынын чечиминин негизинде 2024-жылдын 4-5-декабрында Бишкек шаарынын жергиликтүү коомдоштугунун өкүлчүлүктүү жыйындары өткөрүлөт.