Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Анда жарандар ой-пикирлерин жана борборубуздун бир көчөсүнө Ормон-Хандын атын коюу боюнча сунуштарын угузушту.

Свердлов районунун №25 малаа башчысы Гульнара Амирова жашоочулардын атынан келип, тез аранын ичинде райондо чечилген маселелерди айтып берди. Алар: куураган  бактар кыйылды жана санитардык тазалоо жүргүзүлдү, көчөттөр отургузулду, жолдорго шагыл төгүлдү, тротуарлардын оңдоп-түзөө жумуштары жасалды, жол белгилери орнотулду жана район боюнча жарыктандыруу толук орнотулду.

Эскерте кетсек, жогоруда айтылган маселелер боюнча БШКнын төрагасы №25 кварталдын тургундары менен жолугушууга барганда  протоколдук тапшырма берген. Ал эми, жол чыракты орнотуу, кошумча маршурутту киргизүү маселелри этап менен чечилет.

№25 малаа башчысы Жаныбек Абировго тургундардын атынан Ыраазычылык кат тапшырды.

Октябрь районунун 80 жаштагы Турарбек Ырыскулов БШКнын төрагасынын жумушуна ийгиликтерди каалады.