Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Бүгүн, 23-октябрда Бишкек шаардык кенештин төрагасы Жаныбек Абиров жана төраганын орун басары Русланбек Жакышов тургундардын кайрылуусуна байланыштуу Мичурин, Школьная, Куренкеев көчөлөрүндөгү кырдаалды билүү максатында Свердлов районуна барышты.  

Куренкеев-Школьная көчөлөрүнүн кесилишинде ЖТКлар  көп болуп турат.

Кырсыктарды алдын алуу үчүн жергиликтүү тургундар жол артыкчылыгын аныктаган, унаалардын ылдамдыгын чектеген жана негизги жолдун белгисин коюу жөнүндө суранып өтүштү.

Мындан тышкары, тургундар бир топ маселелерди көтөрүштү: жолдорду оңдоо иштери бүткөндөн кийин курулуш таштандыларды жыйноо,тротуар жана бордюрларды орнотуу, Школьная көчөсүнө бак отургузуу.

Ошондой эле, ушул кварталдын тургундары үчүн коомдук транспортторун маршруттук линиясын ачуу жөнүндө маселени да карап чыгуу чечими кабыл алынды.

Кырдаалды талдап изилдеп чыккандан кийин, БШКнын төрагасы мэриянын тийиштүү кызматтарынын жетекчилерине, акимиаттын өкүлдөрүнө, “Жашыл чарба”, “БАС” муниципиалдык ишканаларына, белгиленген көйгөйлөрдү кыска мөөнөтө четтеттүү жана иштерди жүргүзүү тапшырмасын берди.