Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

 

 

Долбоор
Бишкек шаарынын мэриясы
2024-жылдын «___» ______

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ

Электр менен жабдуу объекттерин мамлекеттик менчикке акысыз ээликтен ажыратууга макулдук берүү жөнүндө

Азыркы турган кыймылсыз мүлк объекттерин натыйжалуу пайдалануу, калкка электр энергиясын үзгүлтүксүз жана натыйжалуу берүүнү камсыздоо, алдыдагы күз-кыш мезгилине сапаттуу даярдык көрүү максатында, «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесине, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Бишкек шаардык кеңеши токтом кылат:

1. Жергиликтүү бюджеттин каражатынын эсебинен курулуп бүткөн электр менен жабдылган объекттерди мамлекеттик менчикке акысыз ээликтен ажыратууга Бишкек шаарынын мэриясына тиркемеге ылайык уруксат берилсин.

2. Бишкек шаарынын мэриясы ушул токтомдон келип чыккан зарыл чараларды белгиленген тартипте көрсүн.

3. Ушул токтом каттоого алынсын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

4..Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэринин муниципалдык мүлк, жер пайдалануу, архитектура жана курулуш маселелерин жетектеген орун басарына жүктөлсүн.

Бишкек шаардык
кеңешинин төрагасы            

маалымкат-негиздеме (docx. 31kb)
финансылык корутунду (docx. 31kb)
юридикалык корутунду (docx. 14b)