Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Долбоор

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

2023-жылдын 12 айында “Тазалык” муниципалдык ишканасынын жасаган иши жөнүндө отчету

Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын «Борбордун статусу жөнүндө» мыйзамына ылайык, “Тазалык” муниципалдык ишканасынын директору Р. Г. Алиевдин 2023-жылдын 12 айында жасаган иши жөнүндө отчетун карап чыгып, Бишкек шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. “Тазалык” муниципалдык ишканасынын директору Р. Г. Алиевдин 2023-жылдын 12 айында жасаган иши жөнүндө отчету эске алынсын.

2. “Тазалык” муниципалдык ишканасынын директору Р. Г. Алиевдин 2023-жылдын 12 айында жасаган иши жөнүндө отчету____________. табылсын.

3. Бишкек шаарынын мэриясы белгиленген тартипте төмөнкүлөр боюнча  карап чыксын жана чара көрсүн:

“Тазалык” муниципалдык ишканасынын абоненттик базасын көбөйтүү боюнча механизм ишщтеп чыгуу;

Бишкек шаарынын таймагына жер алдындагы таштанды контейнерлерин орнотуу;

Бишкек шаарынын аймагында селсаяк иттер менен күрөшүүнүн альтернативдүү ыкмасын тандоо.

4. Көрүлгөн чаралар тууралуу Бишкек шаардык кеңешинин турак жай коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекси, транспорт, коммуникациялар жана экология боюнча туруктуу комиссиясына маалымдасын.

5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэрине (А. Дж. Джунушалиев) жүктөлсүн.

Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы

отчету (pdf.3.5Mb)
маалымкат-негиздеме (docx.14 kb)