Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

 

 

Долбоор
\Бишкек шаарынын мэриясы
«___»____________

 

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

Бишкек шаарынын калкы үчүн сууну керектөө, сууну агызып чыгаруу (канализация) ченемдерин көбөйтүү жөнүндө

«Ичүүчү суу жөнүндө»  Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3 жана 5-беренелерине ылайык, ичүүчү сууну керектөөнү жана агынды сууларды агызып чыгарууну эсепке алууну системалаштыруу, Бишкек шаарынын калкы тарабынан иш жүзүндө сууну керектөө жана сууну агызып чыгаруу көлөмдөрүн талапка ылайык келтирүү, сууну керектөө жана сууну агызып чыгаруу үчүн акы төлөөнү тартипке келтирүү, ошондой эле  суу ресурсун үнөмдөөнү стимулдаштыруу максатында, Бишкек шаардык кеңеши токтом кылат:

1. Шаардык канализацияга ысык сууну агызууну эсепке алуу менен шаардык  суу жабдуу системасына кошулган Бишкек шаарынын турак үйлөрүндө бир кишиге ичүүчү сууну   чыгымдоо ченемдери  тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. «Бишкексууканал» ӨЭБсы турак үйлөрүндө жеке эсепке алуу приборлору жок Бишкек шаарынын калкынан ичүүчү суу жана агынды суу  үчүн акы төлөмдөрүн алууну сууну керектөөнүн жана сууну агызып чыгаруунун бекитилген ченемдерине ылайык жүргүзсүн.

3. Бишкек шаардык кеңешинин 2009-жылдын 2-декабрындагы № 103 «Бишкек шаарынын калкына сууну керектөө жана сууну бөлүп берүү ченемдерин (нормаларын) өзгөртүү жөнүндө» токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

4. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин турак жай коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекс, транспорт, коммуникациялар боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэринин турак жай коммуналдык чарба маселелерин жетектеген орун басарына жүктөлсүн.

Бишкек шаардык
кеңештин төрагасы                                                          К.К. Конгантиев

маалымкат-негиздеме (docx.40 kb)
финансылык корутунду (docx. 35 kb)
юридикалык корутунду (docx. 15kb)
письмо Службы антимонопольного реryлирования (pdf. 354kb)