Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

26.04.2024-ж. жарыяланды

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ

2024-жыл 25-апрель № 128

“Бишкек шаарынын ардактуу жараны” наамын ыйгаруу жөнүндө        

         Бишкек шаардык кеңешинин 2005-жылдын 10-октябрындагы № 111 токтому менен бекитилген "Бишкек шаарынын ардактуу жараны жөнүндө" жобого ылайык, 2024-жылдын 20-мартындагы № 2 жана 2024-жылдын 25-мартындагы № 3 протоколдорунун негизинде, Бишкек шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2023-жыл үчүн "Бишкек шаарынын ардактуу жараны" наамы төмөнкү жарандарга ыйгарылсын:

Раимжанов Абдухалим – илимине эмгек сиңирген ишмери, КР УИАнын мүчөсү, профессор;

Самаков Карганбек Садыкович – коомдук ишмер;

Калыков Мийзамидин Абдырахманович – Бишкек шаардык кеңешинин депутаты;

Кайыпов Сулайман Турдуевич – илимдин эмгек сиңирген ишмери, КР УИАнын физиология институтунун башкы илимий кызматкери;

Джайчибеков Бекбосун Карабекович – Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү;  

Керимкулова Светлана Мусаевна – Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими;

Кайыпов Аманбай – Бишкек шаардык кеңешинин үч чакырылышынын депутаты жана XXV чакырылыштагы Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы (2012-ж.);

Бейшеев Мелис – Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген  экономисти, Бишкек шаарынын согуштун, эмгектин, куралдуу күчтөрүнүн жана укук коргоо органдарынын ардагерлеринин жана ооруктун эмгекчилеринин кеңешинин төрагасы;

Досалиев Акуналы Атамырзаевич – Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген куруучусу.

2. Бишкек шаарынын мэриясы Бишкек шаардык кеңештин 2007-жылдын 19-мартындагы № 311 "Бишкек шаарынын ардактуу жаранынын Белгисинин, Грамотасынын, Күбөлүгүнүн жоболорун жана жазууларын жана Бишкек шаарынын ардактуу жаранынын Китебин бекитүү жөнүндө" токтомуна ылайык, бул наамга татыктуу болгон адамдарга тапшыруу үчүн Бишкек шаарынын ардактуу жаранынын белгилерин, ардак грамоталарын, Бишкек шаарынын ардактуу жаранынын күбөлүктөрүн даярдоону камсыз кылсын.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоону өзүмө калтырам.

Бишкек шаардык
кеңешинин төрагасы                                                         К. Конгантиев