Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

 

14.03.2024-ж. жарыяланды

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ

2024-жыл 4-март № 117

2024-2025-жылдарга карата Бишкек шаарынын муниципалдык менчик объекттерин менчиктештирүүпрограммасын бекитүү жөнүндө

Бишкек шаарынын муниципалдык менчик объекттерин башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 13, 19-беренелерине, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 34, 39-беренелерине ылайык, Бишкек шаардык кеңеши,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

1-тиркемеге ылайык, 2024-2025-жылдарга карата Бишкек шаарынын муниципалдык менчик объекттерин менчиктештирүү программасы (мындан ары – Программа);

2-тиркемеге ылайык, 2024-2025-жылдары менчиктештирилүүгө тийиш болгон Бишкек шаарынын муниципалдык менчик объекттеринин тизмеги.

2. Бишкек шаарынын мэриясы:

ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн программанын колдонуу мөөнөтү аяктаганга чейин анын аткарылышынын жыйынтыктары жөнүндө отчётту Бишкек шаардык кеңешинин кароосуна киргизсин;

белгиленген тартипте ушул токтомдон келип чыккан тийиштүү чараларды көрсүн.

3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэрине (А. Дж. Джунушалиев) жүктөлсүн.

Бишкек шаардык
кеңешинин төрагасы                                                             К. Конгантиев