Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

 

14.03.2024-ж. жарыяланды

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ

2024-жыл 4-март № 114

Бишкек шаардык кеңешинин жер пайдалануу чөйрөсүндөгү айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жер жана Жарандык кодекстерине, Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамына ылайык, Бишкек шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.      Бишкек шаардык кеңешинин 2020-жылдын 14-январындагы №141 “Бишкек шаарындагы жер участокторду ижара шартында мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

3-пункт төмөнкү мазмундагы 2- жана 3-абзацтар менен толукталсын:

“ай сайын Бишкек шаардык кеңешине жана Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелер, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жыйындардын бекитилген протоколдорунун көчүрмөлөрүн тиркөө менен өткөрүлгөн комиссиялар жөнүндө отчет берсин;

кезектеги жыйынды өткөргөнгө чейин 5 календардык күндө жана  кезексиз жыйынды өткөргөнгө чейин 2 календардык күндө комиссиянын мүчөлөрүн жана Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелер, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясын кабарласын жана боло турган жыйындын материалдары менен камсыз кылсын;”;

6-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:

“6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелер, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэрине (А. Дж. Джунушалиев) жүктөлсүн.”.

2. Бишкек шаардык кеңешинин 2020-жылдын 14-январындагы №142 “Бишкек шаарында ижара шартында жеңилдетилген типтеги объекттер үчүн жер участокторун мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:

Бишкек шаардык кеңешинин жогоруда аталган токтому менен бекитилген “Бишкек шаарында ижара шартында жеңилдетилген типтеги объекттер үчүн жер участокторун мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүү тартиби жөнүндө жобо” жобонун 28-пунктунун 2-абзацындагы  “ошондой эле мөөнөтүнө” деген сөздөр “үч жылга чейин” деген сөздөр менен алмаштырылсын.

3.      Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

4.      Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелер, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэрине (А. Дж. Джунушалиев) жүктөлсүн.

Бишкек шаардык
кеңешинин төрагасы                                                                  К. Конгантиев