Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ
2023-жыл 5-октябрь № 96

Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган жер участокторуна тоорук өткөрүүсүз ижара укуктарын акысыз берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Борбордун статусу жөнүндө” “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 571 “Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу” токтомуна ылайык, Бишкек шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

1-тиркемеге ылайык, Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган жер участокторуна тоорук өткөрүүсүз ижара укуктарын акысыз берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө жобо;

2-тиркемеге ылайык, жер участокту ижаралоонун типтүү келишими;

3-тиркемеге ылайык, муниципалдык жер участоктордун уруксат берилген пайдалануусунун түрлөрү.

2. Бишкек шаарынын мэриясы жер участокту түзүү жол-жобосун жөнөкөйлөтүү  маселесин белгиленген тартипте карап чыксын жана бир айлык мөөнөттө Бишкек шаардык кеңешинин сессиясынын кароосуна өз сунуштарын киргизсин.

3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана муниципалдык мүлк, жер пайдалануу жана архитектура маселелерин тейлеген Бишкек шаарынын мэринин орун басарына жүктөлсүн.


Бишкек шаардык
кеңешинин төрагасы                                                         К. Конгантиев