Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ

2023-жыл 5-октябрь № 93

Бишкек шаардык кеңешинин 2007-жылдын 30-ноябрындагы № 382 “Муниципалдык менчик объекттердин тиешелүүлүгү маселени талдап чыгуу боюнча комиссия түзүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу

         Кыргыз Республикасынын Жарандык жана Турак жай кодекстерине жана  Кыргыз Республикасынын “Көп батирлүү үйлөрдүн турак жана турак эмес жайларынын менчик ээлеринин шериктиктери жөнүндө” мыйзамына ылайык, Бишкек шаардык кеңешинин 2007-жылдын 30-ноябрындагы № 382 “Муниципалдык менчиктин объекттеринин тиешелүүлүгү маселени талдап чыгуу боюнча комиссия түзүү жөнүндө” токтому менен түзүлгөн комиссиянын курамынын актуалдуулугун таануу максатында, Бишкек шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бишкек шаардык кеңешинин 2007-жылдын 30-ноябрындагы № 382 “Муниципалдык менчиктин объекттеринин тиешелүүлүгү маселени талдап чыгуу боюнча комиссия түзүү жөнүндө” токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

1-пунктта:

3-абзацтагы “вице-мэр” деген сөздөр “мэрдин орун басары” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

5-абзац төмөнкү редакцияда берилсин: “Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаментинин директору.”;

төмөнкү мазмундагы 6-абзац менен толукталсын: “Комиссиянын катчысы: тейлеген Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаментинин директорунун орун басары.”;

7-абзац төмөнкү редакцияда берилсин: “Бишкек шаардык кеңешинин ар бир фракциясынан бирден депутат;”;

8, 9 жана 12-абзацтар алынып салынсын;

10-абзац төмөнкү редакцияда берилсин: “Бишкек шаарынын мэриясынын юридикалык бөлүмүнүн начальниги;”;

11-абзац төмөнкү редакцияда берилсин: “”Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Бишкек филиалынын начальнигинин орун басары;”;

14-абзац төмөнкү редакцияда берилсин: “Бишкек шаарынын мэриясынын Ленин, Октябрь, Биринчи май, Свердлов муниципалдык администрацияларынын башчыларынын орун басарлары;”;

2-пунктта:

“маселени киргизсин” деген сөздөр “маселе киргизилсин” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

“Депутаттардын Бишкек шаардык Кеңеши” деген сөздөр “Бишкек шаардык кеңеши” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

3-пункттагы “Депутаттардын Бишкек шаардык Кеңешинин инвестициялар, муниципалдык менчик, ишкерлик иш жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссияга (Филатов А. В.) жана Бишкек шаарынын биринчи вице-мэринин милдетин аткаруучу О. С. Тарбинскийге” деген сөздөр “Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана муниципалдык менчик маселелери боюнча Бишкек шаарынын мэринин орун басарына” деген сөздөр менен алмаштырылсын.

2. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана муниципалдык менчик  маселелери боюнча Бишкек шаарынын мэринин орун басарына жүктөлсүн.

 

Бишкек шаардык
кеңешинин төрагасы                                                             К. Конгантиев