Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

2023-жыл 16-март № 72

Бишкек шаардык кеңешинин 2021-жылдын 30-июлундагы №4 “ХХVIII чакырылыштагы Бишкек шаардык кеңешинин туруктуу

комиссияларынын төрагаларын жана төрагалардын орун басарларын  бекитүү жөнүндө” токтомунун тиркемесине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамын,   Бишкек шаардык кеңешинин регламентин жетекчиликке алып, Бишкек шаардык кеңешинин экономика, бюджет, финансы жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясынын чечимине ылайык, Бишкек шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Төмөнкү бекитилсин:

а) экономика, бюджет, финансы жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы болуп Досиев Эдик Шарипович;

б) экономика, бюджет, финансы жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасынын орун басары болуп Чалов Ильяз Алмазович.

  1. Бишкек шаардык кеңештин 2021-жылдын 30-июлундагы №4 “ХХVIII чакырылыштагы Бишкек шаардык кеңешинин туруктуу комиссияларынын төрагаларын жана төрагалардын орун басарларын  бекитүү жөнүндө” токтомунун тиркемесине төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:

а) 2-пункттун 2-абзацындагы “Сариев Таалайбек Жолдошбаевич” деген сөздөр “Досиев Эдик Шарипович” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

б) 2-пункттун 3-абзацындагы “Досиев Эдик Шарипович” деген сөздөр “Чалов Ильяз Алмазович” деген сөздөр менен алмаштырылсын.

  1. Ушул токтом дун аткарылышын контролдоону өзүмдө калтырам.

 

Төрага                                                                        К. Конгантиев