Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Бишкек шаардык кеңештин
2020-жылдын  30-июну № 156

ТОКТОМУ

Республикалык бюджеттен бюджеттик ссуда тартууга макулдук берүүпүүүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 57 – беренесине жана Кыргыз Республикасынын 2020 – жылдын 8 - июнундагы № 60 "Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө" Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынынын Мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2020 – жылдын 21 - майындагы № 08-1-2/470 катын эске алып, Бишкек шаардык кенеши

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

1. Бишкек шаарынын мэриясына республикалык бюджеттен 744 000 000  (жети жүз кырк төрт миллион) сом суммада бюджеттик ссуда тартууга макулдук берилсин.

2. Бишкек шаарынын мэриясы:

- ушул токтомдун 1 – пунктунда көрсөтүлгөн каражаттарды максаттуу багытоо боюнча - Бишкек шаарынын билим берүү мекемелеринин кызматкерлерине эмгек жана өргүү акы төлөөгө багыттасын;

- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен келишим түзүү боюнча тийиштүү жол - жоболорду жүргүзсүн;

- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен биргеликте, Бишкек шаарынын билим берүү мекемелеринин эмгек акыларын төлөөгө чыгымдарды Кыргыз Республикасынын республикалык бюджеттен каржылоого этап-этабы менен которуу боюнча жумушчу топ түзүп, которуу мөөнөттөрүн белгилөө менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтом долбоорун даярдасын.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри А.К. Бакетаевге жүктөлсүн.

 

Төрага                                                                                      Ж. Б. Абиров