Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексине, Кыргыз Республикасынын «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө», Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамдарына ылайык, муниципалдык менчикте турган турак жай фондунун объекттерин менчиктештирүүнү, аларды жеке жактардын менчигине акысыз негизде өткөрүп берүү жолу менен жүзөгө ашырууга уруксат берилүүчү өзгөчө учурларды аныктоо максатында, Бишкек шаардык кеңеши

                                      ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Муниципалдык турак-жай фондунун объекттерин менчиктештирүү өзгөчө учуруларда акысыз негизде жүзөгө ашырыла турган жактардын төмөнкү категориялары бекитилсин:

Олимпиадалык оюндардын чемпиондору;

Олимпиадалык оюндар программасына кирген спорттун түрлөрү боюнча дүйнө чемпиондору.

2. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана транспорт жана муниципалдык мүлк маселелерин тейлеген Бишкек шаарынын вице-мэрине жүктөлсүн.

Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы                               Ж. Б. Абиров