Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө», «Борбордун статусу жөнүндө», «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» мыйзамдарына ылайык, Бишкек шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Жаңы мөөнөткө ижара келишимин түзүү, Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган жер участокторго убактылуу пайдалануу укуктарын өткөрүп берүүгө жана токтотууга макулдук берүү тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
  2. Бишкек шаарынын мэриясы:

 Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык күрөөгө убактылуу укуктарды өткөрүп берүү механизмин иштеп чыксын;

 алты айлык мөөнөттө Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелер жана шаар куруу жана архитектура боюнча  туруктуу комиссиясынын сын-пикирлерин иштеп чыксын.

3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелер жана шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын вице-мэрине жүктөлсүн.

Төрага                                                                                  Ж. Б. Абиров