1. 2017-жыл үчүн Бишкек шаарынын бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчет атайын каражаттарды, расмий трансферттерди, активдерди жана милдеттенмелерди эске алуу менен кирешелер боюнча 8 793 873,9 миң сом суммада, чыгашалар боюнча 8 485 737,7 миң сом суммада, чыгашалардан кирешелердин 308 136,2 миң сом суммада ашуусу менен бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри А. К. Бакетаевге жана Бишкек шаардык кеңештин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына (Н. А. Кулматова) жүктөлсүн.
Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Ж. Б. Абиров


Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети

Куламбаеву Асель Мундузбековну