Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамын, Бишкек шаардык кеңештин регламентин жетекчиликке алып, ошондой эле  Бишкек шаардык кеңештин туруктуу комиссияларынын чечимдеринин негизинде, Бишкек шаардык кеңеш

                                      ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

   Исмаилов Сайдахмат Аблезович - Бишкек шаардык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы болуп;

Досиев Эдик Шарипович - Бишкек шаардык кеңештин муниципалдык менчик, жер маселелер, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасынын орун басары болуп;

Аматов Рысбай Аматович - Бишкек шаардык кеңештин турак жай - коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекс, транспорт, коммуникациялар жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасынын орун басары болуп;

Жамгырчиев Талантбек Анарбекович - Бишкек шаардык кеңештин жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы болуп.  

  1. Бишкек шаардык кеңештин 2018-жылдын 21-ноябрындагы № 78 “XXVII  чакырылыштагы Бишкек шаардык кеңештин  туруктуу комиссияларынын төрагаларын жана төраганын орун басарларын бекитүү жөнүндө” токтомунун тиркемесине төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

3-пункттун 2-абзацындагы “Сыдыков Э. М.” деген сөздөр “Исмаилов С. А.” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

4-пункттун 3-абзацындагы “Акылбеков А. А.” деген сөздөр “Досиев Э. Ш.” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

4-пункттун 3-абзацындагы “Исмаилов С. А.” деген сөздөр “Аматов Р. А.” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

6-пункттун 2-абзацындагы “Жумалиев Ч. З.” деген сөздөр “Жамгырчиев Т. А.” деген сөздөр менен алмаштырылсын.

  1. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоону өзүмдө калтырам.

Бишкек шаардык кеңештин төрагасы             Ж. Б. Абиров