Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Борбордун статусу жөнүндө” мыйзамдарына жана Бишкек шаардык кеңештин регламентине ылайык, 2018-жылы үчүн Бишкек шаарынын мэриясынын Жер ресурстар башкармалыгынын жасаган иши жөнүндө отчетун угуп чыгып, Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бишкек шаарынын мэриясынын Жер ресурстар башкармалыгынын

2018-жылы үчүн жасаган иши жөнүндө отчету эске алынсын.

2. Бишкек шаарынын мэриясы:

а) Бишкек шаардык кеңештин 2011-жылдын 20-декабрындагы “Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган жер участокторуна ижара укуктарын берүүнүн тартиби жана шартын жөнгө салуучу жоболорду бекитүү жөнүндө” токтомунун аткарылышы үчүн контролду күчөтсүн;

б) квартал сайын Бишкек шаарынын мэриясынын Жер ресурстар башкармалыгынын иши жана Бишкек шаардык кеңештин токтомдорун аткаруу боюнча көрүлгөн чаралар жөнүндө муниципалдык менчик, жер маселелер, шаар курулуш жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясын маалымдасын;

в) 2019-жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын Жер ресурстар башкармалыгынын жасаган иши тууралуу отчетун Кыргыз Республикасынын мыйзамынын белгиленген тартипте Бишкек шаардык кеңешке киргизсин.

г) 2019-жылдын 1-июлуна чейин төмөнкү жоболорду бекитүү жөнүндө токтом долбоорлорун Бишкек шаардык кеңештин кароосуна киргизсин:

“Бишкек шаарында ижара шарттарында мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга жер участокторду берүү тартиби жөнүндө”;

“Бишкек шаарында ижара шарттарында жеңилдетилген типтеги объекттер үчүн жер участокторду мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүү тартиби жөнүндө”;

“Бишкек шаарында ижара шарттарында мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга тоорук өткөрүүсүз кошумча жер участокторду берүү тартиби жөнүндө”;

“Жер участоктордун чек араларын (конфигурациясын), функционалдык багытын өзгөртүү  жана алмаштыруу тартиби жөнүндө”;

“Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган жер участокторду пайдалануу укуктарын узартуу, токтотуу жана өткөрүп берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу”;

“Бишкек шаарындагы жер участокторго менчик укуктарды сатуу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу”.

 д) Бишкек шаарынын мэриясынын 2018-жылдын №277-б “Ижарачы тарабынан жер участогун пайдалануу (ижара) укугун үчүнчү жакка өткөрүп берүүгө Бишкек шаарынын мэриясынын Жер ресурстар башкармалыгы тарабынан макулдук берүүнүн убактылуу регламентин бекитүү жөнүндө” буйругу жокко чыгарылсын.

3. Бишкек шаарынын мэриясынын Жер ресурстар башкармалыгы Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан белгиленген тартипте “Үчүнчү жакка укуктарды өткөрүп берүү боюнча маалымкаттарды берүү тартиби жөнүндө жобо” Бишкек шаардык кеңеш тарабынан кабыл алынганга чейин эксплуатацияга тапшырылган объекттердин жер участокторунан тышкары, үчүнчү жакка жер участокту пайдалануу укугун ижарачыларга өткөрүп берүүгө, сатууга, күрөөгө жана башка укуктук келишим түзүүгө маалымкаттарды берүүнү токтотсун.

4. Ушул токтомдун аткаралышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин муниципалдык менчик, жер маселелер, шаар курулуш жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына (Абдраев Б. К.) жана Бишкек шаарынын вице-мэри А. Э. Алымкуловго жүктөлсүн.

Бишкек шаардык кеңештин төрагасы            Ж. Б. Абиров