Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Борбордун статусу жөнүндө” мыйзамдарына жана Бишкек шаардык кеңештин регламентине ылайык, “Бишкек санитардык полигон”  муниципалдык ишканасынын 2018-жылы үчүн жасаган иши жөнүндө отчетун угуп чыгып, Бишкек шаардык кеңеш

                            ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. “Бишкек санитардык полигон” муниципалдык ишканасынын 2018-жылы үчүн жасаган иши жөнүндө отчету “канааттандыраарлык” деп табылсын.
  2. Бишкек шаарынын мэриясы берилген гранттардын жана кредиттик каражаттардын натыйжалуу пайдаланылышын,  каралган иш-чаралардын өз убагында аткарылышын жана пайыздарды эске алуу менен алынган кредиттерди төлөөнү камсыз кылсын.
  3. Квартал сайын “Бишкек санитардык полигон” муниципалдык ишканасынын иши жөнүндө Бишкек шаардык кеңештин турак-жай-коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекс, транспорт, коммуникациялар жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясын маалымдасын.
  4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин турак-жай-коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекс, транспорт, коммуникациялар жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясына (Салымбеков Ж. М. ) жана Бишкек шаарынын вице-мэри Р. А. Сарпашевге жүктөлсүн.

Бишкек шаардык кеңештин төрагасы            Ж. Б. Абиров