Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Борбордун статусу жөнүндө” мыйзамдарына жана Бишкек шаардык кеңештин регламентине ылайык, “Тазалык” муниципалдык ишканасынын 2018-жылы үчүн жасаган иши жөнүндө отчетун угуп чыгып, Бишкек шаардык кеңеш

                            ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. “Тазалык” муниципалдык ишканасынын 2018-жылы үчүн жасаган иши жөнүндө отчету “канааттандыраарлык” деп табылсын.

2. Бишкек шаарынын мэриясы:

  • Бишкек шаардык кеңештин төмөнкү токтомдорун аткаруу боюнча тийиштүү чараларды көрсүн:

2015-жылдын 29-июнундагы №144 “Бишкек шаарындагы катуу тиричилик калдыктарды ташып чыгаруу жана көмүү боюнча кызматтарга тарифтер жөнүндө”;

2014-жылдын 25-июнундагы №85 “Тазалык” муниципалдык ишканасынын иши жөнүндө”;

2014-жылдын 14-октябрындагы №98 “Тазалык” муниципалдык ишканасынын иши жөнүндө”;

2013-жылдын 8-майындагы №23 “Бишкек шаарында катуу тиричилик таштандыларды иштетүү системасын жакшыртууга гранттык жана кредиттик каражаттарды тартууну жактыруу жөнүндө”.

3. Квартал сайын “Тазалык” муниципалдык ишканасынын иши жана Бишкек шаардык кеңештин токтомдорун аткаруу боюнча көрүлгөн чаралар жөнүндө Бишкек шаардык кеңештин турак-жай-коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекс, транспорт, коммуникациялар жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясын маалымдасын.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин турак-жай-коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекс, транспорт, коммуникациялар жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясына (Салымбеков Ж. М. ) жана Бишкек шаарынын вице-мэри Р. А. Сарпашевге жүктөлсүн.

Бишкек шаардык кеңештин төрагасы                Ж. Б. Абиров