Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Борбордун статусу жөнүндө” мыйзамдарына жана Бишкек шаардык кеңештин регламентине ылайык, “Бишкекжашылчарба” муниципалдык ишканасынын 2018-жылы үчүн жасаган иши жөнүндө отчетун угуп чыгып, Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. “Бишкекжашылчарба” муниципалдык ишканасынын 2018-жылы үчүн жасаган иши жөнүндө отчет “канааттандыраарлык” деп табылсын.

2. Бишкек шаарынын мэриясы:

а) Бишкек шаардык кеңештин төмөнкү токтомдорунун аткарылышына контролду күчөтсүн:

2009-жылдын 30-июнундагы №78 “Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган бак-дарактарды жана ирригацияларды бузуунун жана кайра отургузуунун тартиби, ошондой эле аларды бузууда, кайра отургузууда жана жок кылууда бак-дарактардын жана ирригациялардын баасын компенсациялоо жөнүндө” жобону бекитүү тууралуу”;

2014-жылдын 14-октябрындагы №99 “Бишкек жашылкурулуш” муниципалдык ишканасынын иши жөнүндө”;

2014-жылдын 18-февралындагы №66 “Бишкек шаарынын мэриясынын Бишкек шаарынын аймагында жайгашкан коллектордук-дренаждык тармактардын иштөөсүн жана күтүүнү камсыздоо боюнча ишинин натыйжалуулугу жөнүндө”;

“2017-жылдын 30-ноябрындагы №45 “20178-2025-жылдарга Бишкек шаарынын жашыл фондун өнүктүрүү” концепциясын бекитүү жөнүндө”.

б) бюджеттик каражаттардын, ошондой эле “Бишкекжашылчарба” муниципалдык ишканасынын чарба жүргүзүү ишинен түшүүчү каражаттардын максаттуу пайдаланылышын камсыз кылсын.

в) “20178-2025-жылдарга Бишкек шаарынын жашыл фондун өнүктүрүү” концепциясын ишке ашыруу планын иштеп чыксын жана  Бишкек шаардык кеңешке киргизсин.

3. Квартал сайын “Бишкек жашылкурулуш” муниципалдык ишканасынын иши жөнүндө жана Бишкек шаардык кеңештин токтомдорун аткаруу боюнча көрүлгөн чаралар жөнүндө Бишкек шаардык кеңештин турак-жай-коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекс, транспорт, коммуникациялар жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясын маалымдасын.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин турак-жай-коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекс, транспорт, коммуникациялар жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясына (Салымбеков Ж. М. ) жана Бишкек шаарынын вице-мэри               Р. А. Сарпашевге жүктөлсүн.

Бишкек шаардык кеңештин төрагасы                Ж. Б. Абиров