Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Борбордун статусу жөнүндө” мыйзамдарын, Бишкек шаардык кеңештин регламентин жетекчиликке алып, ошондой эле Бишкек шаардык кеңештин “Республика-Ата Журт”, “Өнүгүү-Прогресс” жана “Мекеним Кыргызстан” фракцияларынын лидерлеринин каттарынын негизинде, Бишкек шаардык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр Бишкек шаардык кеңештин туруктуу комиссияларынын курамынан чыгарылсын:
социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиядан - Коргонбай уулу Жусупбек - “Республика-Ата Журт” фракциясынын мүчөсү жана Апсатар уулу Айжигит -“Мекеним Кыргызстан” фракциясынын мүчөсү;
муниципалдык менчик, жер маселелер, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиядан - Аматов Рысбай Аматович - “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын мүчөсү;
турак жай коммуналдык чарба, отун энергетикалык комплекс, транспорт, коммуникациялар жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссия - Жолдошбаева Наргиза Камчыбековна - “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын мүчөсү жана Жолдошов Өмүрбек Шарабидинович - “Мекеним Кыргызстан” фракциясынын мүчөсү.
2. Төмөнкүлөр Бишкек шаардык кеңештин туруктуу комиссиялардын курамына киргизилсин:
регламент, этика, укуктук маселелер жана укук тартиби боюнча туруктуу комиссияга - Аматов Рысбай Аматович - “Өнүгүү - Прогресс” фракциясынын мүчөсү;
социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссияга – Эргешов Казыбек Кочкорович - “Республика-Ата Журт” фракциясынын мүчөсү жана Күрүчбеков Аскарбек Бактыбекович -“Мекеним Кыргызстан” фракциясынын мүчөсү;
муниципалдык менчик, жер маселелер, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссияга - Жолдошбаева Наргиза Камчыбековна - “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын мүчөсү жана Каримов Нургазы Аскарбекович - “Мекеним Кыргызстан” фракциясынын мүчөсү;
турак жай коммуналдык чарба, отун энергетикалык комплекс, транспорт, коммуникациялар жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссияга – Досиев Эдик Шарипович -“Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын мүчөсү.
3. Бишкек шаардык кеңештин 2018-жылдын 20-ноябрындагы № 77 “Бишкек шаардык кеңештин туруктуу комиссияларынын курамдарын бекитүү жөнүндө” токтомунун тиркемесине төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
а) 1-пункт төмөнкү мазмундагы 6-сап менен толукталсын: “Аматов Рысбай Аматович - “Өнүгүү - Прогресс”фракциясынын мүчөсү”;
б) 3-пункттун 4-сабындагы “Коргонбай уулу Жусупбек” деген сөздөр “Эргешов Казыбек Кочкорович” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
в) 3-пункттун 6-сабындагы “Апсатар уулу Айжигит” деген сөздөр “Күрүчбеков Аскарбек Бактыбекович” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
г) 4-пункттун 6-сабындагы “Аматов Рысбай Аматович” деген сөздөр “Жолдошбаева Наргиза Камчыбековна” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
д) 4-пункт төмөнкү мазмундагы сап менен толукталсын: Каримов Нургазы Аскарбекович - “Мекеним Кыргызстан” фракциясынын мүчөсү”;
е) 5-пункттун 6-сабындагы “Жолдошбаева Наргиза Камчыбековна” деген сөздөр “Досиев Эдик Шарипович” деген сөздөр менен алмаштырылсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоону өзүмдө калтырам.
Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Ж. Б. Абиров


Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети

