Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

2019-ж. 19-март

Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамын жетекчиликке алып, Бишкек шаарынын аймагында автомобилдик май куюучу станцияларды курууну тартипке келтирүү, экологиялык, техногендик коопсуздукту камсыздоо максатында, транспорттук айрылыш маселелерин чечүү үчүн, Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бишкек шаардык кеңештин 2013-жылдын 19-ноябрындагы № 58 “Автомобилдерге май куюучу станцияларды куруу үчүн жер участокторун берүүгө мораторий киргизүү жөнүндө” токтомунун 2-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: “2. Бишкек шаарынын аймагында автомобилдик май куюучу станциялар үчүн жер участогун бөлүүгө жана аларды курууга он жылдык мораторий белгиленсин.”.

2. Бишкек шаарынын мэриясына  (Азыгалиев У. Ш., Алымкулов А. Э.) 2019-жылдын 1-июнуна чейинки мөөнөттө техногендик жана экологиялык коопсуздукту эске алуу менен Бишкек шаарынын аймагында автомобилдик май куюучу станциялардын ишин жөнгө салуу маселесин деталдуу талдап чыгуу жана Бишкек шаардык кеңештин сессиясынын кароосуна киргизүү тапшырылсын.

3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин муниципалдык менчик жана жер маселелер, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына (Абдраев Б. К.) жана Бишкек шаарынын мэри А. Э. Суракматовго жүктөлсүн.

Бишкек шаардык кеңештин төрагасы            Ж. Б. Абиров