Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

2019-ж. 12-февраль

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Борбордун статусу жөнүндө” мыйзамдарына жана Бишкек шаардык кеңештин регламентине ылайык, “Бишкекасфальтсервис” МИсинин 2017-жыл жана 2018-жылдын 9 айы үчүн жасаган иши жөнүндө отчетун угуп чыгып, Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. “Бишкекасфальтсервис” МИсинин 2017-жылы жана 2018-жылдын 9 айы үчүн жасаган иши жөнүндө отчету канааттандыраарлык деп табылсын.
  1. Бишкек шаарынын мэриясы:

Бишкек шаарындагы жалпы пайдалануудагы жол тармагынын ремонту боюнча иштерди өз убагында жана сапаттуу жүргүзүү боюнча тийиштүү чараларды көрсүн;

Бишкек шаарынын квартал ичиндеги жана кичирайондор ичиндеги жолдордун капиталдык ремонтун өз убагында жана сапаттуу жүргүзүү боюнча ишти улантсын;

Бишкек шаарынын билим берүү мекемелеринин районунда жол белгисин салуу жана белгилерди орнотуу боюнча ишти өз убагында жана сапаттуу жүргүзсүн;

2020–2023-жылдарга тротуарларды реабилитациялоо программасын иштеп чыксын.

  1. Квартал сайын “Бишкекасфальтсервис” МИсинин иши жөнүндө Бишкек шаардык кеңештин турак-жай-коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекс, транспорт, коммуникациялар жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясын маалымдасын.
  1. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин турак-жай-коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекс, транспорт, коммуникациялар жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясына (Салымбеков Ж. М.) жана Бишкек шаарынын вице-мэри Р. А. Сарпашовго жүктөлсүн.

Бишкек шаардык кеңештин төрагасы            Ж. Б. Абиров