Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

2018-ж. 28-ноябрь

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Борбордун статусу жөнүндө” мыйзамдарын, Бишкек шаарынын  жергиликтүү коомдоштугунун уставын, Бишкек шаардык кеңештин регламентин жетекчиликке алып, Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

Төмөнкүлөр жактырылсын:

Бишкек шаарынын (Кыргыз Республикасы) жана Грозный шаарынын (Россия Федерациясынын Чечен Республикасы) ортосундагы билим берүү, илим, маданият, турак жай-коммуналдык чарба, спорт, туризм, саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү жана жаштар саясаты жаатында кызматташууну өнүктүрүү боюнча ниеттер жөнүндө протокол;

Бишкек шаардык кеңештин (Кыргыз Республикасы) Пекин Эл өкүлдөрүнүн чогулушунун (Кытай Эл Республикасы) ортосундагы кызматташуу протокол жөнүндө жана өз ара аракеттенүү;

Алматы шаарынын Маслихатынын жана Бишкек шаардык кеңештин ортосундагы кызматташуу жөнүндө келишим;

Бишкек шаардык кеңештин жана Рига Думасынын ортосундагы кызматташуу жөнүндө меморандум.

Бишкек шаардык кеңештин төрагасы            Ж. Б. Абиров