Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШТИН

ТОКТОМУ

 

Туруктуу комиссиялардын төрагаларын  бекитүү жөнүндө

 

         Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Борбордун статусу жөнүндө” мыйзамдарынын негизинде, Бишкек шаардык кеңеш

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Бишкек шаардык кеңештин XXVII чакырылышынын туруктуу комиссияларынын төрагалары бекитилсин (тиркелет).

 

  1. Төмөнкү Бишкек шаардык кеңештин токтомдору күчүн жоготту деп табылсын:

Бишкек шаардык кеңештин 2012-жылдын 28-декабрындагы №5 “Туруктуу комиссиялардын төрагаларын жана төрагаларынын орун басарларын бекитүү жөнүндө”;

Бишкек шаардык кеңештин 2013-жылдын 19-ноябрындагы № 60 “Бишкек шаардык кеңештин 2012-жылдын 28-декабрындагы №5 “Туруктуу комиссиялардын төрагаларын жана төрагаларынын орун басарларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө”;

Бишкек шаардык кеңештин 2013-жылдын 25-декабрындагы № 64 “Бишкек шаардык кеңештин 2012-жылдын 28-декабрындагы № 5 "Туруктуу комиссиялардын төрагаларын жана төрагаларынын орун басарларын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө”;

Бишкек шаардык кеңештин 2016-жылдын 27-февралындагы № 174 “Бишкек шаардык кеңештин 2012-жылдын 28-декабрындагы №5 “Бишкек шаардык кеңештин туруктуу комиссияларынын төрагаларын жана төрагаларынын орун басарларын бекитүү жөнүндө” токтомунун тиркемесине  өзгөртүү киргизүү жөнүндө”;

Бишкек шаардык кеңештин 2016-жылдын 13-майындагы № 186 “Бишкек шаардык кеңештин 2012-жылдын 28-декабрындагы №5 "Туруктуу комиссиялардын төрагаларын жана төрагаларынын орун басарларын бекитүү жөнүндө" токтомунун тиркемесине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө”;

Бишкек шаардык кеңештин 2016-жылдын 27-сентябрындагы № 205 Бишкек шаардык кеңештин 2012-жылдын 28-декабрындагы № 5 "Туруктуу комиссиялардын төрагаларын жана төрагаларынын орун басарларын бекитүү жөнүндө" токтомунун тиркемесине өзгөртүү киргизүү жөнүндө”.

  1. Бул токтомдун аткарылышын контролдоону өзүмдө калтырам.

 

Бишкек шаардык

кеңештин төрагасы                                                      К. Б. Музуралиев

 

Бишкек ш.,

30-декабрь 2016-жыл, №4

 

 

 

 

 

                                                                    Бишкек шаардык кеңештин

                                                                    2016-жылдын “30” декабрындагы

                                                                    №4 токтомуна тиркеме

 

 

Бишкек шаардык кеңештин XXVII чакырылышынын туруктуу комиссияларынын төрагалары

 

  1. Регламент, укук маселелер жана укук тартиби боюнча туруктуу комиссия

Төрага – Адиса Асановна Имангазиева –“Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын” фракциясынын мүчөсү.

  1. Бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссия

Төрага –  Жанарбек Жапарович Алымов – “Мекеним Кыргызстан” фракциясынын мүчөсү

  1. Социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссия

Төрага –  Молдобаева Гульнара Аскарбековна –“Республика-Ата Журт” фракциясынын мүчөсү.

  1. Муниципалдык менчик, жер маселелер, шаар курулуш жана архитектура боюнча туруктуу комиссия

Төрага – Конгантиев Куванычбек Камбаралыевич – “Кыргызстан” фракциясынын мүчөсү.

  1. Турак жай-коммуналдык чарба, отун энергетикалык комплекс, транспорт, коммуникациялар жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссия

Төрага – Жумабек Мамытбаевич Салымбеков–“Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын” фракциясынын мүчөсү.

  1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссия

Төрага – Бактыбеков Алымбек Бактыбекович -“Республика-АтаЖурт” фракциясынын мүчөсү.

 

Бишкек шаардык кеңештин

аппарат жетекчисинин милдетин

убактылуу аткаруучу                                                                    Р. К. Садыралиев