Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Бишкек шаардык кеңештин

ТОКТОМУ
 
Бишкек шаарынын аймагында
мүлккө салык жана жер салыгын
киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 31-беренесинин 3 бөлүгүнө жана 2008-жылдын 17-октябрындагы №231 “Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө” мыйзамынын 3-беренесине ылайык, Бишкек шаардык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.     2014-жылдын 1-январынан тартып Бишкек шаарынын аймагында төмөнкү салыктар ишке киргизилсин:
а) мүлккө салык;
б) жер салыгы.
2.     Бул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн салыктарды тескөө Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ылайык жүзөгө ашырылсын.
3.     Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.
4.     Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына (Э.Ш. Докенов) жана Бишкек шаарынын биринчи вице-мэрине (М.А. Исмаилов) жүктөлсүн.
Төрага                                                                                 М. А. Аманкулов
 
Бишкек ш.,
19-ноябрь 2013-жыл, №49