Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Бишкек шаардык кеңештин токтому

 
Кичирайондук маанидеги
“Кайыңдуу токой” багынын
чек араларын бекитүү жөнүндө
 
 
         Бишкек шаардык кеңештин 2013-жылдын 6-июнундагы № 27 Кайыңдуу токойго” шаар курулуш ишинен бош, кичи райондук маанидеги бак статусун берүү жөнүндө” токтомун ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20, 78-статьяларын жетекчилике алып, Бишкек шаардык кеңеш
 
ТОКТОМ КЫЛАТ:
 
1.    Кичирайондук маанидеги “Кайыңдуу токой” багынын чек аралары аянты 2,62 га бактын аймагынын чек араларына чек коюу чиймесине ылайык бекитилсин (чийме тиркелет).
2.    Бишкек шаарынын мэриясы кичирайондук маанидеги “Кайыңдуу токой” багынын чек араларын аныктоо боюнча долбоорлоо иштерин каржылоону алдын ала караштырсын.
3.    Бул токтом белгиленген тартипте катоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин муниципалдык менчик жана жер маселелер, шаар курулуш жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына (У. Е. Адылбеков)  жана Бишкек шаарынын вице-мэри Б. О. Дюшембиевге жүктөлсүн.
 
 
Төрага                                                                                    М. А. Аманкулов
 
Бишкек ш.,
27-июнь 2013-жыл, №43