Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Бишкек шаардык кеңештин токтому

№156 бала бакчанын имаратын муниципалдык
менчикке кабыл алууга жана №64 бала бакчанын
имаратын мамлекеттик менчикке  өткөрүп
берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамына ылайык, кыймылсыз мүлктүн азыркы турган объекттерин натыйжалуу пайдалануу, жарандарды мектепке чейинки балдар мекемелери менен камсыз кылуу максатында жана Кыргыз Республикасы менен Германия Федеративдүү Республикасынын ортосундагы мамлекеттер аралык макулдашуулардын негизинде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун 2013-жылдын 14-июнундагы № 09/1-2461 сунушун карап чыгып, Бишкек шаардык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Асанбай” кичирайону, Айтиев көчөсү, 2/1 де жайгашкан аянты 0,586 га жер участогу менен № 156 бала бакчасынын имаратын муниципалдык менчикке кабыл алууга макулдук берилсин.
2. Бишкек шаарынын мэриясы:
а) мамлекеттик менчиктен муниципалдык менчикке кабыл алынып жаткан “Асанбай” кичирайону, Айтиев көчөсү, 2/1 де жайгашкан аянты 0,586 га жер участогу менен № 156 бала бакчанын имаратынын ордуна Ахунбаев көчөсү, 140 та жайгашкан № 64 бала бакчанын имаратын 0,06 га жер участогу менен муниципалдык менчиктен мамлекеттик менчикке өткөрүп берүүгө алмашуу келишимин белгиленген тартипте түзсүн;
б) 2013-2014-жылдарга бюджетте кабыл алынып жаткан бала бакчанын имаратын капиталдык ремонттоого жана иштөөсүнө каражат караштырсын;
в) муниципалдык менчиктин объекттеринин реестрине тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин муниципалдык мүлк, жер маселелери, шааркурулушу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына (Адылбеков А. Е.), Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри М. А. Исмаиловго жана Бишкек шаарынын вице- мэри  Б. О. Дюшембиевге жүктөлсүн.
 
Бишкек шаардык
кеңештин төрагасы                                                  М. А. Аманкулов
 
Бишкек ш.,
27-июнь 2013-жыл, №42