Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Бишкек шаардык кеңештин токтому

 
“Жал-29” кичи районундагы чакан газ менен
иштеген откананы Бишкек шаарынын
муниципалдык менчигине өткөрүп берүү жөнүндө
жана “Нур” ААКсынын муниципалдык отканасы жөнүндө
 
 
         Кыргыз РеспубликасынынМүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамын аткаруу үчүн, Бишкек шаарынын мэриясынын 2013-жылдын 22-апрелиндеги № 202-б буйругунун негизинде түзүлгөн жумушчу топтун сунушун эске алып, Бишкек шаардык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.                Курулуш-монтаждоо, биринчи жолу ишке киргизүү иштерин аяктагандан жана өткөрүп берүүчү уюмдун күчү жана каражаттары менен эксплуатацияга кабыл алгандан кийин “Жал-29” кичи районундагы чакан газ менен иштеген откананы Бишкек шаарынын муниципалдык менчигине кабыл алууга макулдук берилсин.
Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан белгиленген талаптарга  ылайык откананы алуу жүргүзүлсүн. 
2.                Бишкек шаарынын Капиталдык курулуш башкармалыгы 2007-жылдын 25-октябрындагы № 42 Бишкек шаарынын “Жал-29” кичи районундагы 72 квартиралуу турак үйдү үлүштүк башталышта куруу боюнча биргелешип иш жүргүзүү жөнүндө келишимге тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизсин.
3.                Бишкек шаарынын мэриясы ижара келишиминин иштөө мөөнөтү аяктагандан кийин “Нур” отканасын “Бишкекжылуулукэнерго” коммуналдык ишканасына өткөрүп берүүнү камсыз кылсын.
 4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына (У.Е.Адылбеков), Турак-жай коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекс, транспорт, коммуникациялар жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссияга (П. Н. Десятников) жана Бишкек шаарынын вице-мэрлери Б.О.Дюшембиевге, Т. М. Имашовго жүктөлсүн.
Бишкек шаардык
кеңештин төрагасы                                                            М. А. Аманкулов
 
Бишкек ш.,
27-июнь 2013-жыл, №36