Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Бишкек шаардык кеңештин токтому

 
Бишкек шаарынын муниципалдык ишканаларынын
жана чарбалык эсептик уюмдарынын жеке жана
юридикалык жактарга кызмат көрсөтүү жаатында
ишин жайылтуу жөнүндө
 
         Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык, Бишкек шаарынын муниципалдык ишканаларынын жана чарбалык эсептик уюмдарынын   жетекчилеринин Бишкек шаарынын жеке жана юридикалык жактарга кызмат көрсөтүү маселелерин өз убагында кароо үчүн жоопкерчилигин күчөтүү максатында, Бишкек шаардык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
 
1.       Бишкек шаарынын мэриясы:
-         Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамына ылайык алардын өз убагында аткарылбагандыгы үчүн айып пул санкцияларын милдеттүү түрдө кароо менен, жеке жана юридикалык жактарга Бишкек шаарынын муниципалдык ишканаларынын жана чарбалык эсептик уюмдары тарабынан берилүүчү кызматтарды аткаруу тартибин жана мөөнөтүн жөнгө салуучу документти иштеп чыксын жана Бишкек шаардык кеңештин кароосуна киргизсин;
-         Бишкек шаарынын муниципалдык ишканаларынын жана чарбалык эсептик уюмдары тарабынан берилүүчү кызматтарды өз убагында аткарбагандыгы үчүн административдик жоопкерчиликти киргизүү маселесин демилгелөө сунушу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө кайрылсын;
-         Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамына ылайык жеке жана юридикалык жактарга кызмат көрсөтүүчү Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык жана чарбалык эсептик уюмдарынын ошондой эле Бишкек шаарынын мэриясынын башка түзүмдүк бөлүктөрүнүн ишин жөнгө салуучу жоболорду Бишкек шаардык кеңештин кароосуна киргизсин;
-         2013-жылдын 10-сентябрына чейин Бишкек шаардык кеңешке бул токтомдун аткарылышы жөнүндө маалымат берсин.
2.                Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин төрагасы М. А. Аманкуловго жана Бишкек шаарынын мэри И. Ш. Омуркуловго жүктөлсүн.
Бишкек шаардык
кеңештин төрагасы                                                            М. А. Аманкулов
Бишкек ш.,
6-июнь 2013-жыл, №26