Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 
Бишкек шаардык кеңештин токтому 
 
Бишкек шаарынын географиялык
объекттерин кайра атоо маселелерин
тартипке келтирүү жөнүндө
 
         Бишкек шаарындагы тарыхый жана маданий мурастарды сактоо, географиялык объекттерди кайра атоо  маселелерин тартипке келтирүү максатында, Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө” мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын   Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы №467 “Кыргыз Республикасынын   Өкмөтүнүн алдындагы Административдик аймактык түзүлүштүн маселелерин жана географиялык аталыштарын кароо боюнча ведомстволор аралык комиссия жөнүндө” токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасындагы географиялык объекттерди атоо, алардын аталышын өзгөртүү, географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттоодон өткөрүү тартиби жөнүндө” жобонун негизинде, Бишкек шаарынын азыркы тарыхый аттарынын маани берүү жана мезгил менен текшерүү зарылчылыгын эске алуу менен, Бишкек шаардык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.                 Бишкек шаарынын проспекттерин, аллеяларын, аянттарын, шаардык сейил бактарды, саябандарды, көчөлөрдү жана туюк көчөлөрдү кайра атоого мораторий беш жылга жарыялансын.
2.                Бишкек шаарынын тарыхый жана маданий мурастарын сактоо максатында көрүнүктүү ишмерлердин аттары жаңы түзүлгөн же аты жок географиялык объекттерге гана ыйгарылсын.
3.                Бишкек шаарынын мэриясы:
а) жогоруда көрсөтүлгөн ченемдик укуктук актылардын талаптарын эске алуу менен Бишкек шаарынын мэриясынын алдындагы топонимика жана атын түбөлүккө калтыруу боюнча комиссия жөнүндө жобону иштеп чыксын жана Бишкек шаардык кеңештин бекитүүсүнө киргизсин;
         б)      Бишкек шаарынын географиялык объекттерин кайра атоо жана аталыштары жөнүндө   маселелерди   кароодо   Бишкек    шаардык    кеңешке
көчөлөрдү, проспекттерди, аллеяларды, гүл бакчаларды, аянттарды, саябандарды жана сейил бактарды кайра атоо үчүн керектүү чыгымдардын эсебин, ошондой эле калкты маалымдоо жана сурап билүү жөнүндө маалыматтарды берсин        ;
         в) 2013-жылдын 1-майына чейин бул токтомдун аткарылышы жөнүндө маалыматты берсин.
         4.      Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаарынын вице-мэри  А. И. Усубакуновага жана Бишкек шаардык кеңештин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар курулуш жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына (У. Е. Адылбеков) жана регламент, укук маселелери жана укук тартиби боюнча туруктуу комиссиясына (В. М. Лисниченко) жүктөлсүн. 
Бишкек шаардык
кеңештин төрагасы                                                            М. А. Аманкулов
 
Бишкек шаары,
2-апрель 2013-жыл, №22