Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Бишкек шаардык кенештин токтому

 

Бишкек шаарынын мэриясынын      
муниципалдык баалуу кагаздарын
чыгарууну уюштуруу жана муниципалдык
облигацияларынын эмиссиясынын
шарттарын бекитүү жөнүндө
         Бишкек шаарында социалдык-экономикалык маселелерди чечүү үчүн эркин акча каражаттарын тартуу максатында, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык негиздери жөнүндө” мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 10-ноябрындагы №618 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында муниципалдык баалуу кагаздарды чыгаруу, жайгаштыруу, жүгүртүү жана тындыруу тартиби жөнүндө” жобого ылайык, Бишкек шаардык кеңеш,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
         1.      Тиркемеге ылайык, Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык облигацияларынын эмиссиясынын шарттары бекитилсин.
         2.      Бишкек шаарынын мэриясы:
         а) Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык облигацияларынын эмиссиясынын проспектисин даярдасын жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинде каттоодон өткөрсүн жана аларды чыгарууну Кыргыз Республикасынын  колдонуудагы мыйзамдарына жана эмиссиянын шарттарына ылайык ишке ашырсын;
         б) Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык облигацияларын жайгаштыруудан алынган акча каражаттары Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык облигацияларынын эмиссиясынын сунушталган шарттарына ылайык Бишкек шаарынын мэриясынын мурда чыгарылган муниципалдык облигацияларынын (МВ 0003) негизги суммасын жоюуга багыттасын.
         3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин   бюджет   жана   финансы     боюнча   туруктуу   комиссиясына  (Э. Ш. Докенов) жана биринчи вице-мэр М.А.Исмаиловго жүктөлсүн.
  
Бишкек шаардык
кеңештин төрагасы                                                            М. А. Аманкулов 
Бишкек шаары,
2-апрель 2013-жыл, №11