Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 
Бишкек шаардык кеңештин токтому
 
Жарандардын тизмелерин
макулдашпоо жөнүндө
 
         Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө” мыйзамын жетекчиликке алып жана Бишкек шаарынын диний уюмдарынын ишин ирээтке келтирүү максатында, жумушчу комиссиянын   Бишкек шаарынын аймагындагы диний уюмдардын, миссиялардын жана миссионерлердин маселелерин кароо боюнча маалымкатынын негизинде, Бишкек шаардык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.                Жарандардын, диний уюмдарды түзүүнүн демилгечилери болгон, Кыргыз Республикасына миссионерлерди чакырган Уюмдаштыруу кеңешинин мүчөлөрүнүн төмөнкү тизмелери макулдашылбасын:
-                      Евангелдик –лютерандык чиркөөсү (төрагасы-К.Д.Курбанова);
-                      Жетинчи күндүн Христиан Адвентистеринин чиркөөсү (төрагасы- В.Н. Назименко);
-                     “Кыргыз Республикасындагы Иегованын күбөлөрү” (төрагасы -А. К. Бекманов);
-                     Бишкек шаарынын еврей жамааты (Л. В. Никсдорф);
-                      “Благодать” Евангелдик-христиандык миссионердик борбору (Н. В. Кашицын);
-                     “Обновление”диний уюму (төрагасы- В. Кулешов);
-                     Кыргыз Республикасынын католиктери үчүн менчик ээлеринин Рим-католиктик миссиясы ( Епископ - Н. Мессмер);
-                      “Истина” Христиандык евангелдик-пресвитериандык чиркөөсү (Чиркөө кеңешинин төрагасы-Н. Раздорская);
-                     “Еммануил” пресвитериандык чиркөөсү (Иймам- К. Сафронов).
2.                Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 31-декабрындагы №282 “Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө” мыйзамынын 10-статьясынын 2-пунктуна жана 12-статьясынын 4-пунктунун 3-бөлүгүнө ылайык диний уюмдар жарандардын, диний уюмдарды түзүүнүн демилгечилери болгон Кыргызстанга миссионерлерди чакырган Уюмдаштыруу кеңешинин мүчөлөрүнүн тизмесин макулдашуу үчүн диний уюмдарга белгиленген тартипте документтерди берүүсү сунушталсын.
3.                Бишкек шаардык кеңештин атынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө” мыйзамынын бардык тексти боюнча “жергиликтүү кеңештер менен макулдашылган” деген сөздөрдү алып салуу демилгеси менен кайрылсын.
4.                Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Л. В. Ардаминага жана социалдык маселелерди тейлеген Бишкек шаарынын вице-мэри А. И. Усубакуновага жүктөлсүн.
 
Бишкек шаардык
кеңештин төрагасы                                                            М. А. Аманкулов
 
Бишкек шаары,
2-апрель 2013-жыл, №9