Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 
Бишкек шаардык кеңештин токтому
 
Бишкек шаардык кеңештин
регламенти жөнүндө
 
         Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамын жетекчиликке алып, Бишкек шаардык кеңеш
 
ТОКТОМ КЫЛАТ:
 
1.     Бишкек шаардык кеңештин Регламенти бекитилсин (тиркелет).
2.                Бишкек шаардык кеңештин фракциялары 2013-жылдын 1-февралына чейинки мөөнөттө кабыл алынган Регламентке өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду жазуу жүзүндө киргизсин.
3.     Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
-                     Бишкек шаардык кеңештин 2005-жылдын 17-майындагы № 37 “Депутаттардын Бишкек шаардык кеңешинин регламенти жөнүндө” токтому;
-                     Бишкек шаардык кеңештин 2005-жылдын 18-августундагы № 96/1 “Депутаттардын Бишкек шаардык кеңешинин 2005-жылдын 17-майындагы №37 “Депутаттардын Бишкек шаардык кеңешинин регламенти жөнүндө” токтому менен бекитилген Депутаттардын Бишкек шаардык кеңешинин регламентине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтому;
-                     Бишкек шаардык кеңештин 2006-жылдын 3-апрелиндеги № 184 “Депутаттардын Бишкек шаардык кеңешинин 2005-жылдын 17-майындагы №37 “Депутаттардын Бишкек шаардык кеңешинин регламенти жөнүндө” токтому менен бекитилген Депутаттардын Бишкек шаардык кеңешинин регламентине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” токтому;
-                     Бишкек шаардык кеңештин 2008-жылдын 24-октябрындагы № 7 “Депутаттардын Бишкек шаардык кеңешинин 2005-жылдын 17-майындагы №37 “Депутаттардын Бишкек шаардык кеңешинин регламенти жөнүндө” токтому менен бекитилген Депутаттардын Бишкек шаардык кеңешинин регламентине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” токтому;
-                     Бишкек шаардык кеңештин 2008-жылдын 27-ноябрындагы №25 “Депутаттардын Бишкек шаардык кеңешинин регламентине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” токтому;
-                     Бишкек шаардык кеңештин 2011-жылдын 20-декабрындагы №279 “Бишкек шаардык кеңештин туруктуу комиссиялары жана регламентке өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтому.
4.     Бул токтомдун аткарылышын контролдоону өзүмдө калтырам. 
Бишкек шаардык
кеңештин төрагасы                                                  М. А. Аманкулов
 
Бишкек шаары,
28-декабрь 2012-жыл, №2