Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШТИН ТОКТОМУ

Бишкек шаарынын 2016-жылга бюджетин бекитүү жана 2017-2018-жылдарга болжолу жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" Мыйзамын жетекчиликке алып, Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бишкек шаарынын 2016-жылга бюджети кирешелер жана чыгашалар боюнча 8496262,0 миң сом суммасында бекитилсин, анын ичинде:

4902516,7 миң сом - шаардык бюджет;

919390,5 миң сом - Ленин административдик районунун бюджети;

921870,6 миң сом - Октябрь административдик районунун бюджети;

802354,1 миң сом - Биринчи май административдик районунун бюджети;

950130,1 миң сом - Свердлов административдик районунун бюджети.

2. Бишкек шаарынын 2017-2018-жылдарга бюджетинин негизги параметрлеринин болжолу жактырылсын:

1) 2017-жылга кирешелер жана чыгашалар боюнча болжол - 8953395,6 миң сом суммасында, 2018-жылга - 9495893,1 миң сом суммасында түзүлүүдө.

2) Шаардын 2017-2018-жылдарга жактырылган бюджетинин болжолдук параметрлери ар бир конкреттүү мезгилде аларды кабыл алууда такталууга тийиш.

3. Бишкек шаарынын 2016-жылга карата бюджетинин киреше бөлүгү жана 2017-2018-жылдарга карата болжолу 1, 1-1, 1-2, 1-3-тиркемелерге ылайык булактар боюнча түшүүлөрдүн эсебинен түзүлө тургандыгы аныкталсын.

4. Шаардын 2016-жылга бюджетинин жана 2017-2018-жылдарга болжолду чыгашаларды каржылоого карата каражаттар 2, 2-1-тиркемелерге ылайык белгиленсин.

5. 2016-жылга карата чыгашаларды каржылоо накталай алынган кирешелердин чегинде жүргүзүлө тургандыгы белгиленсин. Мында, биринчи кезекте корголгон статьялар боюнча чыгашаларды (айлык акы, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондусуна төгүмдөр, медикаменттер, тамактандыруу, калкка социалдык жардам боюнча жөлөкпул, стипендиялар) жана коммуналдык тейлөөлөрдү каржылоо жүргүзүлөт.

1) Чыгашалардын корголгон статьялары бюджеттик мекемелердин штаттык санындагы бош орундарга жана ченемдик укуктук актыларды кабыл алууга байланыштуу азайтылышы мүмкүн.

2) Каражаттардын чыгымдалышы жана чыгашалардын статьяларынын максаттуу пайдаланылышы үчүн жоопкерчилик бюджеттик мекемелердин жана муниципалдык ишканалардын жетекчилерине жүктөлөт.

6. 2015-жылы жеткиликтүү каржыланбай калган чыгашалар 2016-жылга карата бюджет тарабынан бөлүнгөн акча эсебинен жана анын чектеринде гана компенсациялана тургандыгы белгиленсин.

7. Бишкек шаары боюнча жүгүртүүдөгү кассалык накталай акча 2016-жылдын 1-январына 600,0 миң сом суммада, анын ичинде шаардык бюджет боюнча 200,0 миң сом жана райондук бюджеттер боюнча 100,0 миң сомдон бекитилсин.

8. 2016-жылга карата салык агенти тарабынан төлөнүүчү жеке киреше салыгы, жер астындагы кендерди пайдалангандык үчүн салык (роялти), сатуудан алынган салык, патенттин негизиндеги салык, бирдиктүү салык, мүлк объекттерине карата салык, жер салыгы, таштандыларды ташып чыгаруу үчүн жыйымдар, юстиция органдары тарабынан алынуучу мамлекеттик алым, административдик укук бузуулар үчүн мамлекеттик органдар тарабынан салынуучу айып пулдар боюнча пландык түшүүлөрдөн чегерүүлөрдүн ченеми төмөнкүчө бекитилсин:

Ленин административдик районуна - 30,6%;

Октябрь административдик районуна - 38,6%;

Биринчи май административдик районуна - 14,3%;

Свердлов административдик районуна - 34,0 %;

Башка салыктар жана жыйымдар, жерди жана мүлктү ижаралоо үчүн төлөмдөр, Бишкек шаарынын ЭЭАсынан алынган салыктык жана салыктык эмес түшүүлөр - 100% шаардык бюджетке.

9. Бюджеттик уюмдардын атайын каражаттардын сметаларында бекитилген суммасынан ашык түшүүчү кирешелери толук бойдон тийиштүү бюджеттин кирешесине алынат.

10. Бюджеттик уюмдарга жана мекемелерге атайын каражаттарды казначылык системасынан тышкары пайдаланууга тыюу салынсын. Бул көрсөтүлгөн тартип бузулган учурда атайын каражаттардын 100% тийиштүү бюджеттин кирешесине алынат.

11. Бюджеттик уюмдар жана муниципалдык ишканалар тарабынан максаттык дайындалышынан башкага пайдаланылган шаардын бюджетинин каражаттары тийиштүү бюджетке кайтарып алынууга жатат.

12. 2016-жылга шаардын бюджетинен каржылануучу мекемелер үчүн төмөндөгүлөр белгиленсин:

1) жалпы билим берүү мектептеринин чарба башчыларына ай сайын эмгек акыларына окуучулардын санына жараша 1 штаттык бирдикке 2800 сомго чейинки үстөк акы (100 окуучуга чейин - 450 сом, 100дөн 600 чейин - 1000 сом, 600дөн 1200 чейин - 1600 сом, 1200дөн 1800 чейин - 2200 сом, 1800дөн жогору - 2800 сом);

2) балдар музыкалык мектебинин жаш адистерине ай сайын 500 сом үстөк акы;

3) карылар үйүнүн, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн шаардык реабилитациялык борборунун, "Коломто" муниципалдык мекемесинин жана "Ардагер" пансионунун, Зомбулуктан жана катаал мамиледен жабыркаган балдарга жардам көрсөтүү борборунун кызматкерлерине ай сайын 1 кызматкерге 1650 сом эсебинде эмгек акысына үстөк акы;

4) Бишкек шаарынын мэриясынын социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын социалдык кызматкерлерине ай сайын эмгек акыларына 1 кызматкерге 2000 сом эсебинде үстөк акы;

5) Бишкек шаарынын мэриясынын маданият башкармалыгынын үйлөмө аспап, симфония оркестрлеринин, элдик аспаптар оркестринин, "Семетей", "Доор", "Сувенир" ансамблдеринин жана "Кыргыз руху" фольклордук ансамблинин, "Акак" комузчулар ансамблинин, Бишкек шаардык драмалык театрынын негизги жана инженердик-техникалык персоналдарына ай сайын айлык акыларына 1 кызматкерге 2500 сом эсебинде үстөк акы;

6) билим берүү жана маданият уюмдарынын борборлоштурулган бухгалтерияларынын кызматкерлерине эмгек акыларына ай сайын 3000 сомдон үстөк акы;

7) шаардык маанидеги жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлерине ай сайын эмгек акыларына төмөндөгүдөй үстөк акы:

мэриянын, шаардык кеңештин жетекчилерине 1000 сомдон;

Бишкек шаары боюнча МСКБнын жергиликтүү салыктар жана жыйымдар боюнча бөлүмүнүн, Бишкек шаардык мамлекеттик архивдин, Материалдарды сактоо кызматынын кызматкерлерине 2000 сомдон;

шаардык бюджеттен каржыланган түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилерине жана кызматкерлерине, мэриянын башка кызматкерлерине, шаардык кеңештин, шаардык каржы башкармалыгынын, Бишкек шаары боюнча казыначылыктын регионалдык бөлүмүнүн кызматкерлерине, башкаруу органын тейлеген айдоочуларына 4000 сомдон;

муниципалдык аймактык башкармалыктардын кызматкерлерине 3000 сомдон;

8) райондук маанидеги жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлерине ай сайын эмгек акыларына төмөндөгүдөй үстөк акы:

административдик райондордун жетекчилерине 1000 сомдон;

райондук билим берүү борборлорунун, райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыктарынын, финансы органдарынын, казыначылыктын регионалдык бөлүмдөрүнүн аппараттарынын кызматкерлерине жана администрациялардын башка кызматкерлерине 3000 сомдон;

МСКБнын жергиликтүү салыктар жана жыйымдар боюнча бөлүмдөрүнүн кызматкерлерине 1500 сомдон;

9) райондук аскер комиссариаттарынын кенже тейлөөчү, техникалык жана аскердик-учеттук персоналдарына ай сайын эмгек акыларына 500 сомдон үстөк акы;

10) билим берүү, социалдык коргоо, маданият, спорт уюмдарынын кызматкерлерине жана Бишкек шаарынын мэриясынын базарлар, автотоктотмолор жана авто коюу жайлар дирекциясынын кенже тейлөөчү персоналдарына ай сайын эмгек акыларына 1 кызматкерге 1000 сом эсебинде үстөк акы;

11) саламаттык сактоо уюмдарынын кызматкерлерине ай сайын эмгек акыларына төмөндөгүдөй үстөк акы:

врачтарга, орто жана башка персоналдарга 1 ставкага 1000 сом эсебинде, бирок бир кызматкерге 1000 сомдон ашпаган суммада;

кенже медициналык персоналга бир ставкага 1500 сом эсебинде, бирок бир кызматкерге 1500 сомдон ашпаган суммада;

медициналык тез жардам станциясынын күнү-түнү иштеген оперативдүү бөлүмүнүн кызматкерлерине, чакырууга чыгуу бригадасынын врачтарына, фельдшерлерине жана санитарларына 1 кызматкерге 2500 сом эсебинде;

12) Билим берүү башкармалыгынын медициналык-педагогдук комиссиясынын методисттерине ай сайын эмгек акыларына 1 кызматкерге 1500 сом эсебинде үстөк акы;

13) медициналык тез жардам автомашиналарынын айдоочуларына ай сайын эмгек акыларына 1 кызматкерге 2000 сомдон эсебинде үстөк акы;

13. Жергиликтүү бюджеттин эсебинен тамактандырууга карата төмөндөгү ченемдер белгиленсин:

1) мектепке чейинки билим берүү уюмдарында:

3 жашка чейинки балдар үчүн - 29,00 сом;

3төн 7 жашка чейинки балдар үчүн - 30,00 сом;

2) акыл-эс жана дене-бой өсүшүндө кемчиликтери бар балдар үчүн мектепке чейинки билим берүү уюмдарында - 57,00 сом;

3) кургак учук менен ооруган балдар үчүн бала бакчада - 95,00 сом;

4) жалпы билим берүү уюмдарында 5-7-класстардагы жетим балдар жана аз камсыз болгон үй-бүлөнүн балдары үчүн - 14,00 сом;

5) жалпы билим берүү уюмдарында 1-4-класстардын балдары үчүн - 14.00 сом;

6) акыл-эс жана дене-бой өсүшүндө кемчиликтери бар балдар үчүн жалпы билим берүү мектептеринде - 28,00 сом;

7) Балдарды социалдык адаптациялоо борборунда, Кароосуз балдарды реабилитациялоо борборунда, Свердлов районунун кароосуз балдар үчүн приютунда, Октябрь районунун № 71 орто мектеп интернатындагы интернаттык топтордо, № 1 гимназия-интернатында - 110,00 сом;

8) ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жактар үчүн шаардык реабилитациялык борборунда - 35,00 сом;

9) жатып калган ооруларды ысык тамактандырууга - 60 сом;

10) туруктуу жашаган орду жок жактарды тамактандырууга - 35,00 сом;

11) мектеп алдындагы лагерлердеги аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарын тамактандырууга - 44,00 сом.

14. Жергиликтүү бюджеттин эсебинен алынуучу медикаменттерге карата төмөндөгүдөй бир күндүк ченемдер белгиленсин:

1) Балдарды социалдык адаптациялоо борборунда, Кароосуз балдарды реабилитациялоо борборунда 12,80 сомго чейин;

2) Свердлов районунун кароосуз балдар үчүн приютунда 12,80 сомго чейин;

3) ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жактар үчүн шаардык реабилитациялык борборунда 0,55 сомго чейин;

4) туруктуу жашаган орду жок жактар үчүн 12,50 сомго чейин.

15. 2016-жылга карата жарандардын турак жай-коммуналдык кызматтарга акы төлөөгө карата өздүк чыгымынын жол берилген эң четки үлүшү 10% өлчөмүндө белгиленсин.

16. 2016-жылга карата төмөндөгү чыгашалар бекитилсин:

1) мектепке чейинки балдар уюмдарында кыргыз тил мугалиминин бир ставкасын күтүүгө;

2) жалпы билим берүү уюмдарында аскерге чакырылууга чейин даярдык боюнча жетекчинин бир ставкасын күтүүгө;

3) Медициналык тез жардам станциясында "медициналык кызматкердин депозитине" карата 40,0 штаттык бирдигине бир врачка айына 6000 сом эсебинде жана бир орто медициналык кызматкерге үч жыл иштегендиги боюнча ай сайын 5000 сом;

4) Биринчи май районунун "Коломто" муниципалдык мекемесин күтүүгө;

5) Ленин, Октябрь жана Свердлов райондору боюнча 3 кечки жалпы билим берүү мектептерин күтүүгө;

6) 2016-жылдын 1-июлуна чейин SOS - Герман Гмайнер орто мектебинин, SOS - Бишкек шаарынын балдар айылы бала бакчасынын чыгымдарын төлөөгө;

7) 2016-жылдын 1-июлуна чейин менчик - мамлекеттик еврей мектебинин коммуналдык кызматтары үчүн чыгымдарын төлөөгө;

8) "Сезим" кризистик борборунун коммуналдык кызматтары үчүн чыгымдарын төлөөгө;

9) Бишкек шаарынын Согуштун, эмгектин, Куралдуу Күчтөрдүн жана укук коргоо органдарынын ардагерлер кеңешинин чыгымдарын төлөөгө;

10) Зомбулуктан жана катаал мамиледен жабыркаган балдарга жардам көрсөтүү борборун күтүүгө;

11) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 30-сентябрындагы № 404 "Билим берүү мекемелеринин болжолдуу типтүү штаттарын бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген билим берүү мекемелеринин типтүү штаттарында каралбаган, 3-тиркемеге ылайык 574,75 штаттык бирдик санындагы кызмат орундарын күтүүгө;

12) аскердик кызматка аскерге чакырылуучуларды чакыруу жана жөнөтүү мезгилинде Республикалык топтоо пунктунун ишин камсыздоого;

13) Бишкек шаарын жана жергиликтүү коомчулукту өнүктүрүүгө, ошондой эле шаардык жана аймактык маанидеги объекттерди (социалдык, коомдук, коммуналдык, инженердик инфраструктарлар, тургундардын жалпы үлүштүк менчиктерин) түзүүгө, өнүктүрүүгө, калыбына келтирүүгө жана реабилитациялоого жана жамааттардын өз алдынча башкаруусунун ар түрдүү формаларын өнүктүрүүгө, алардын коомдук активдүүлүгүн жогорулатууга жана коммуналдык жана башка жашоо тиричилик маселелерин өз алдынча чечүүгө жөндөмдүү мүмкүнчүлүктөрүн түзүүгө колдоо көрсөтүүгө багытталган стимулдаштыруучу (үлүштүк) гранттарды берүүгө;

14) "Мурас-Ордо" конушунун балдарын Аламүдүн районунун Степное айылынын "Келечек" мектебине ташууну уюштурууга;

15) Бишкек шаарынын билим берүү мекемелеринде "Жаш мугалим депозити" программасын ишке ашырууга;

16) Октябрь районун № 34 атайын жардамчы мектебине акыл эс жана физикалык өнүгүү жагынан кемчилиги бар балдар үчүн узартылган күн топторунун тарбиячы кызматынын 5,0 бирдигин күтүүгө;

17) административдик райондордун киреше бөлүгү боюнча план аткарылбай калган учурда карыздарын төлөөгө жана милдеттемелерин аткарууга карата шаардык бюджеттен Бишкек шаарынын административдик райондоруна өткөрүп берилүүчү каражаттар боюнча;

18) айыл чарбалык каттоону жүргүзүүгө;

19) балансында кызматтык автомашиналары жок муниципалдык аймактык башкармалыктарга айына 100 литрден бензин алууга.

17. Кварталдык, үй комитеттеринин, аксакалдар сотунун төрагалары, үй алдындагы аймакты тазалоочулар жана ирригация тармактарынын мурап-техниктери үчүн келишимдик негизде 4-тиркемеге ылайык акы төлөө белгиленсин.

18. Аксакалдар сотторунун мүчөлөрүнө келишимдик негизде квартал сайын 250 сомдон акы төлөө белгиленсин.

19. "Алга-Бишкек" Футбол клубу" муниципалдык мекемесинин кызматкерлерине 5-тиркемеге ылайык кызматтык эмгек акылары белгиленсин.

20. "Алга-Бишкек" Футбол клубу" муниципалдык мекемесинин футболчуларына ай сайын 10000 сом өлчөмүндө стипендия белгиленсин.

21. Кызматкерлерге иштеген жылдары үчүн үстөк акы эсептөөдө жергиликтүү бюджеттин эсебинен бекитилген кошумча акылар эсепке алынбастыгы белгиленсин.

22. 2015-жылы чыгашалардан ашкан кирешелердин эсебинен 95372,8 миң сом сумманы 6-тиркемеге ылайык багыттоого уруксат берилсин.

23. Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамына ылайык, аппараттардын, өз алдынча бөлүмдөрдүн жана башка мекемелердин кызматкерлерине жергиликтүү бюджеттин эсебинен, кызматтык эмгек акыларын жана аларга үстөк акыларды белгилөө жана сыйлык акы берүү укугу Бишкек шаарынын мэринде сакталсын.

24. Бишкек шаарынын мэриясына:

1) шаардын бюджетине кошумча каражаттарды тартуу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 10-ноябрындагы № 618 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасында муниципалдык баалуу кагаздарды чыгаруу, жайгаштыруу, иштетүү жана жокко чыгаруу тартиби жөнүндө" жобого ылайык, зарылдыкка жараша, муниципалдык баалуу кагаздарды чыгарууну жүргүзүүгө уруксат берилсин;

2) 2015-жылы чыгашалардан ашкан кирешелердин эсебинен кызматкерлерге сыйлык акы берүүгө каражат багыттоого уруксат берилсин;

3) Октябрь, Биринчи май жана Свердлов административдик райондорунун бюджеттеринин чектеринде, Октябрь административдик району боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрациясынын имаратында дааратканаларды капиталдык ремонт жүргүзүүгө 1753,5 миң сом суммада, Биринчи май административдик району боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрациясынын имаратына кошумча курулма долбоорлоого жана курууга 22500,0 миң сом суммада, Свердлов районунун ОРБУАСМнын дене-тарбия ден-соолукту чыңдоо комплексин долбоорлоого жана курууга 35000,0 миң сом суммада каражатты багыттоого уруксат берилсин;

4) "Капиталдык ремонт - Билим берүү" статьясы боюнча 8012,6 миң сом суммага, "Капиталдык ремонт - Жарыктандыруу" статьясы боюнча 21987,4 миң сом суммага чыгымдарды азайтуу жана бул каражаттарды "Дельфин" ОРБУАСМнын имаратын капиталдык ремонттоого 30000,0 миң сом суммада багыттоого уруксат берилсин;

5) 2016-жылдын 1-январына карата чыгашалардан ашкан кирешелердин эсебинен, Турак жай-коммуналдык чарба башкармалыгы аркылуу "Жашыл курулуш" муниципалдык ишканасына Бишкек шаарынын мэриясынын административдик райондору үчүн техника (грейдер) сатып алууга 8000,0 миң сом суммада, № 33 орто мектептин спорт залын ремонттоо жумуштарын жүргүзүүгө 6800,0 миң сом суммада каражаттарды багыттоого уруксат берилсин;

6) сатууга салыктар жана жалпы мамлекеттик салыктардын башка түрлөрү боюнча пландуу кирешелерди компенсациялоо же түзөтүү маселеси боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен ишти улантсын;

7) салыктык эмес кирешелер, анын ичинде муниципалдык мүлктү ижаралоодон алынган кирешелер боюнча пландуу көрсөткүчтөрдү көбөйтүү боюнча сунуш киргизсин жана резервдерди талдап чыксын;

8) Бишкек шаарынын мэриясынын Бишкек шаарын өнүктүрүү агенттигин жана Шаардык транспорт башкармалыгын, алардын функционалдык милдеттерин мэриянын профилдик бөлүмдөрүнө өткөрүп берүү менен кыскартуу же жоюу маселесин карап чыксын, иштин жыйынтыгы боюнча тийиштүү сунуш киргизсин;

9) жергиликтүү салыктарды башкаруу маселелери боюнча иштеген өздүк муниципалдык түзүмдү түзүү жөнүндө маселени карап чыксын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан аныкталган тийиштүү ыйгарым укуктары бар, анын жобосун иштеп чыксын жана экинчи жарым жылдыкка чейинки мөөнөттө Бишкек шаардык кеңештин кароосуна киргизсин;

10) кварталдык жана үй комитеттеринин төрагалары тарабынан акы төлөнүүчү кызматтардын конкреттүү түрлөрү көрсөтүлгөн типтүү келишимин иштеп чыксын жана Бишкек шаардык кеңештин кароосуна киргизсин;

11) Бишкек шаарынын мэриясынын, анын түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрүнүн уюмдаштыруу документтери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келтирилсин;

12) санитардык тазалоо боюнча технологиялык карталарды инвентаризациялоо жана тактоо боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын комиссиясынын ишин жаңыртсын жана 2016-жылдын 31-декабрына чейинки мөөнөттө аяктасын;

13) Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасында бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" Мыйзамына ылайык Бишкек шаарынын 2017-2019-жылдарга бюджетинин киреше бөлүгүнүн долбоорун макулдашуу үчүн 2016-жылдын 1-июлуна чейин Бишкек шаардык кеңештин сессиясынын кароосуна киргизсин;

14) саламаттык сактоо чөйрөсүндө депозиттерди төлөө менен байланышкан программаларды ишке ашыруу шарттарын өзгөртүү маселелери боюнча талдоо жүргүзсүн жана Бишкек шаардык кеңештин кароосуна сунуш киргизсин;

15) бош мейкиндикке зыян келтирбестен, балдар үчүн орундун белгилүү саны үчүн кошумча корпус куруу мүмкүн болгон аймакта бала бакчалардын аймактары боюнча анализ жүргүзсүн;

16) мурунку муниципалдык бала бакчалардын имараттарын кайтаруу боюнча иштерди күчөтсүн;

17) КТТны топтоо ченемдерин кайра кароо боюнча иштерди жүргүзсүн;

18) "Бишкексвет" МИси жана Бишкек троллейбус башкармалыгы үчүн электр энергиясына жеңилдетилген тарифтерди жергиликтүү кеңештин деңгээлинде белгилөө жөнүндө маселени талдап чыксын жана тийиштүү сунуш киргизсин;

19) автотоктотмолорду, автокоюу жайларды жана муниципалдык базарларды уюштуруу маселелери боюнча мындан аркы саясат иштелип чыгып жана бекитилгенге чейин Автотоктотмолор, автокоюу жайлар жана базарлар дирекциясын жоюу процессин токтотсун;

20) Бишкек шаарынын бюджетинин долбоорун түзүүдө бардык түзүмдүк бөлүмдөр жана кызматтар үчүн пландаштыруунун бирдиктүү стандарттарын иштеп чыксын.

25. Жалпы салыктар боюнча пландуу көрсөткүчтөр белгиленген көрсөткүчтөрдөн 15%га чейин аткарылбай калуу тобокелдиги бар экендиги белгиленсин.

26. Капиталдык салымдардын тезмеги 7-тиркемеге ылайык бекитилсин.

27. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин төрагасы А.М.Кененбаевге жана Бишкек шаарынын мэри А.С.Ибраимовго жүктөлсүн.

 

Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы

 

А.Кененбаев

Бишкек шаары,

2016-жылдын 23-марты, №177

 

 

Бишкек шаардык кеңештин
2016-жылдын 23-мартындагы
№ 177 токтомуна
1-тиркеме

2016-жылга Бишкек шаарынын бюджетинин
КИРЕШЕ БӨЛҮГҮ

(миң сом)


к/к

Кирешелердин аталышы

Бардыгы

Шаардык бюджет

Ленин району

Октябрь району

Биринчи май району

Свердлов району

1

Салык агенти тарабынан төлөнүүчү киреше салыгы

2538300,0

1266547,2

332849,9

355783,1

320306,7

262813,1

2

Чакан ишкердиктин субъектилери үчүн бирдиктүү салык

154381,1

109210,8

9364,4

17146,5

6040,9

12618,5

3

Патент негизиндеги салык

1337320,4

924761,8

58842,6

83862,9

33090,5

236762,6

4

Кыймылсыз мүлккө салык

437589,1

312475,0

30238,5

35795,5

17621,8

41458,3

5

Кыймылдуу мүлккө салык

285000,0

200480,7

28241,3

25465,9

8760,8

22051,3

6

Короо жайларды жана бакча-чарбак жер участкаларын пайдалангандык үчүн жер салыгы

38268,1

27244,9

4779,5

2231,9

1250,7

2761,1

7

Айыл чарба эмес багытындагы жерлерди пайдалангандык үчүн жер салыгы

129524,6

90840,7

8114,0

10404,1

4121,0

16044,8

8

Сатуудан салык

2856638,0

1442419,0

400793,7

329940,8

371869,2

311615,3

9

Роялтилер

9789,2

2304,0

9,0

7367,8

35,2

73,2

10

Жер ижарасы үчүн акы

300000,0

300000,0

 

 

 

 

11

Мүлк ижарасы үчүн акы

100000,0

100000,0

 

 

 

 

12

Таштандыларды ташып чыгуу үчүн жыйым

25982,0

19109,2

1616,9

2066,8

1423,7

1765,4

13

Юстиция органдары тарабынан алынуучу мамлекеттик алым

60000,0

41904,3

5930,6

5197,1

1644,0

5324,0

14

Административдик айыптар

30660,0

23291,6

1152,4

1394,4

2245,9

2575,7

 

Бардык кирешелер

8303452,5

4860589,2

881932,8

876656,8

768410,4

915863,3

15

Атайын каражаттар

192809,5

41927,5

37457,7

45213,8

33943,7

34266,8

 

Бишкек шаары боюнча бардыгы

8496262,0

4902516,7

919390,5

921870,6

802354,1

950130,1

 

Бишкек шаардык кеңештин аппарат жетекчисинин милдетин убактылуу аткаруучу

 

Р.Садыралиев

 

 

 

Бишкек шаардык кеңештин
2016-жылдын 23-мартындагы
№ 177 токтомуна
1-1-тиркеме

2016-2018-жылдарга Бишкек шаарынын бюджетинин
КИРЕШЕ БӨЛҮГҮ

 

 

 

 

(миң сом)


к/к

Кирешелердин аталышы

2016-жылга

2017-жылга болжол

2018-жылга болжол

1

2

3

4

5

1

Салык агенти тарабынан төлөнүүчү киреше салыгы

2538300,0

2589066,0

2754766,2

2

Чакан ишкердиктин субъектилери үчүн бирдиктүү салык

154381,1

164107,1

174610,0

3

Патент негизиндеги салык

1337320,4

1421571,6

1512552,2

4

Кыймылсыз мүлккө салык

437589,1

446340,9

455267,7

5

Кыймылдуу мүлккө салык

285000,0

302955,0

322344,1

6

Короо жайларды жана бакча-чарбак жер участкаларын пайдалангандык үчүн жер салыгы

38268,1

38268,1

38268,1

7

Айыл чарба эмес багытындагы жерлерди пайдалангандык үчүн жер салыгы

129524,6

129524,6

129524,6

8

Сатуудан салык

2856638,0

3036606,2

3230949,0

9

Роялтилер

9789,2

14985,0

15944,0

10

Жер ижарасы үчүн акы

300000,0

350000,0

370000,0

11

Мүлк ижарасы үчүн акы

100000,0

150000,0

180000,0

12

Таштандыларды ташып чыгуу үчүн жыйым

25982,0

26501,6

28197,7

13

Юстиция органдары тарабынан алынуучу мамлекеттик алым

60000,0

60000,0

60000,0

14

Административдик айыптар

30660,0

30660,0

30660,0

 

Бардык кирешелер

8303452,5

8760586,1

9303083,6

15

Атайын каражаттар

192809,5

192809,5

192809,5

 

Бишкек шаары боюнча бардыгы

8496262,0

8953395,6

9495893,1

 

Бишкек шаардык кеңештин аппарат жетекчисинин милдетин убактылуу аткаруучу

 

Р.Садыралиев

 

 

 

Бишкек шаардык кеңештин
2016-жылдын 23-мартындагы
№ 177 токтомуна
1-2-тиркеме

2016-жылга Бишкек шаарынын бюджетинин
КИРЕШЕ БӨЛҮГҮ

Графикалык көчүрмөсүн караңыз.

 

 

 

Бишкек шаардык кеңештин
2016-жылдын 23-мартындагы
№ 177 токтомуна
1-3-тиркеме

2016-жылга Бишкек шаарынын бюджетинин киреше бөлүгү. Контингент

Графикалык көчүрмөсүн караңыз.

 

 

 

Бишкек шаардык кеңештин
2016-жылдын 23-мартындагы
№ 177 токтомуна
2-тиркеме

2016-жылга Бишкек шаарынын бюджетинин
ЧЫГАША БӨЛҮГҮ

Графикалык көчүрмөсүн караңыз.

 

 

 

Бишкек шаардык кеңештин
2016-жылдын 23-мартындагы
№ 177 токтомуна
2-1-тиркеме

2016-2018-жылдарга Бишкек шаарынын бюджетинин
ЧЫГАША БӨЛҮГҮ

 

 

 

 

(миң сом)


к/к

 

2016-жылга

2017-жылга болжол

2018-жылга болжол

1

2

3

4

5

 

Бардыгы Бишкек шаары боюнча:

8496262,0

8953395,6

9495893,1

701

Жалпы багыттагы мамлекеттик кызматтар

631929,6

609920,7

609920,7

 

Резервдик фонду

72160,0

80700,0

89700,0

702

Коргоо

14352,5

14352,5

14352,5

703

Коомдук тартип жана коопсуздук

25000,0

25000,0

25000,0

704

Экономикалык маселелер

306508,5

306508,5

306508,5

 

анын ичинде:

 

 

 

*

Транспорт

236665,2

236665,2

236665,2

705

Айлана чөйрөнү коргоо

300,0

300,0

300,0

706

Турак жай жана коммуналдык кызматтар - анын ичинде:

3053160,6

3520335,6

4054855,3

*

Капиталдык салымдар

1212538,4

1612803,0

2147322,7

707

Саламаттык сактоо

292481,3

292481,3

292481,3

708

Эс алуу, маданият жана дин

311093,4

315093,4

315093,4

709

Билим берүү

3464774,1

3464141,6

3463119,4

710

Социалдык коргоо - анын ичинде:

324562,0

324562,0

324562,0

*

Даректүү социалдык жардам

202200,4

202200,4

202200,4

 

Бишкек шаардык кеңештин аппарат жетекчисинин милдетин убактылуу аткаруучу

 

Р.Садыралиев

 

 

 

Бишкек шаардык кеңештин
2016-жылдын 23-мартындагы
№ 177 токтомуна
3-тиркеме

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 30-сентябрындагы № 404 "Билим берүү мекемелеринин болжолдуу типтүү штаттарын бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген типтүү штаттардан ашык Бишкек шаарынын билим берүү мекемелери боюнча 2016-жылдын 1-январынан баштап киргизилген
КОШУМЧА ШТАТТЫК БИРДИКТЕР


к/к

Кызматтардын аталышы

Бардыгы шт. бирдик

анын ичинде

Эскертүү

Ленин

Октябрь

Биринчи май

Свердлов

№ 1 гимназия интернаты

ОЧШБ

1

2

3

4

5

6

7

8

9

10

Билим берүү уюмдары боюнча

1

Директордун тарбия иштери боюнча орун басары

86,50

25,00

16,50

19,50

25,00

0,50

 

600гө чейин окуучулар - 0,5 бирдик, 600 жана андан ашык окуучулар - 1,0 бирдик

2

Директордун окуу-тарбия иштери боюнча орун басары

1,50

0,50

0,50

 

0,50

 

 

№ 22, 30, 34 атайын жардамчы мектептер үчүн - 0,5 бирдик

3

Директордун мамлекеттик тил боюнча орун басары

71,00

20,00

15,50

16,00

19,50

 

 

600гө чейин окуучулар - 0,5 бирдик, 600 жана андан ашык окуучулар - 1,0 бирдик

4

Директордун илимий-усулдук иштер боюнча орун басары

35,00

6,00

9,00

10,00

10,00

 

 

бардык статустук мектептерде - 1,0 бирдик

5

Директордун чет тили боюнча орун басары

6,00

1,00

2,00

2,00

1,00

 

 

№ 6, 13, 23, 26, 37, 69 статустук мектептеринде - 1,0 бирдик

6

Психолог

90,50

25,50

17,00

19,50

28,50

 

 

600гө чейин окуучулар - 0,5 бирдик, 600 жана андан ашык окуучулар - 1,0 бирдик, № 1 БГИден башка, (№ 12, 38, 67 ГМ - 2,0 бирдиктен), (№ 22, 30, 34 АЖМ - 1,0 бирдиктен)

7

Усулчу

1,00

 

 

 

 

1,00

 

№ 1 гимназия-интернаты үчүн - 1,0 бирдик

8

Китепканачы

76,00

22,50

15,00

17,00

21,50

 

 

1200 окуучулук саны бар мектептерде - 0,5 бирдиктен, № 22, 30, 34 АЖМ - 1,0 бирдиктен

9

Ийримдин башчысы (кружок)

0,75

 

0,75

 

 

 

 

№ 34 АЖМ - 0,75 бирдик

10

Ашпозчу

1,00

 

1,00

 

 

 

 

№ 34 АЖМ - 1,0 бирдик

11

Чарбагер

4,00

1,00

2,00

 

1,00

 

 

№ 22, 30, 34 АЖМ, № 7, 10 ЖЖМ - 1,0 бирдик

12

Катчы

7,00

3,00

3,00

 

1,00

 

 

№ 14 ОМ, № 22, 30, 34 АЖМ, № 7, 10 ЖЖМ - 1,0 бирдик

13

Бассейндин башчысы

1,00

 

 

1,00

 

 

 

№ 70 ОТК - 1,0 бирдик

14

Бассейндин инструктору

1,00

 

 

1,00

 

 

 

№ 70 ОТК - 1,0 бирдик

15

Химсуутазалоо аппаратчысы

3,00

 

 

3,00

 

 

 

№ 70 ОТК - 3,0 бирдик

16

Гардеробчу

1,00

 

 

1,00

 

 

 

№ 70 ОТК - 1,0 бирдик

17

Кастелянша

1,00

 

 

 

 

1,00

 

№ 1 гимназия-интернатты тейлөө үчүн

18

Электрик

1,50

 

 

 

 

1,50

 

№ 1 гимназия-интернатты тейлөө үчүн

19

Сантехник

1,00

 

 

 

 

1,00

 

№ 1 гимназия-интернатты тейлөө үчүн

20

Имараттарды тейлөө боюнча жумушчу

5,00

2,00

2,00

 

1,00

 

 

№ 22, 30, 34 АЖМ, № 7, 10 ЖЖМ - 0,5 бирдик

 

Билим берүү уюмдары боюнча жыйынтыгы

394,75

106,50

84,25

90,00

109,00

5,00

0,00

 

Мектептен тышкаркы уюмдар боюнча

1

Директордун уюштуруу-тарбия иштери

1,00

 

 

 

 

 

1,00

3000 ашык окуучу жана 95 мугалим

2

Бөлүм башчысы

5,00

 

 

 

 

 

5,00

ийримдердин багыттары боюнча

3

Усулчу

4,00

 

 

 

 

 

4,00

Бишкек шаарынын мектептен тышкаркы уюмдары

4

Уюштуруучу

1,00

 

 

 

 

 

1,00

маданий-массалык иш-чараларды уюштуруу үчүн

5

Режиссер-үн оператору

1,00

 

 

 

 

 

1,00

"Таберик" БМТсынын иштеши үчүн

6

Режиссер-коюучу

1,00

 

 

 

 

 

1,00

"Таберик" БМТсынын иштеши үчүн

7

Костюмдердик жайдын башчысы

1,00

 

 

 

 

 

1,00

костюмдарды талаптагыдай кароо жана сактоо үчүн

8

Имараттарды тейлөө боюнча жумушчу

2,00

 

 

 

 

 

2,00

"Чайка", "Звездочка" эки имаратты тейлөө үчүн

9

Катчы

0,50

 

 

 

 

 

0,50

иш кагаздарын жүргүзүүнү иштеп чыгуу үчүн - 0,5 бирдик

10

Вахтер

2,00

 

 

 

 

 

2,00

"Кыргызстан балдары" шаардык мектеп окуучулар чеберчилик борборуна - 2,0 бирдик

 

Мектептен тышкаркы уюмдары боюнча жыйынтык

18,50

0,00

0,00

0,00

0,00

0,00

18,50

 

Мектепке чейинки билим берүү уюмдары боюнча

1

Усулчу

43,00

6,50

23,00

3,50

10,00

 

 

6дан 8 топко чейин - 0,5 бирдик, 8 жана андан ашык топторго - 1,0 бирдик, № 164 атайын бала бакчасына - 0,5 бирдик, № 162 "Азем" бала бакчасына - 0,5 бирдик

2

Улуу медайым

41,00

9,00

17,00

7,00

8,00

 

 

Мектепке чейинки билим берүү уюмдарына - 0,5 бирдиктен

3

Медайым

1,00

1,00

 

 

 

 

 

№ 164 "Ак-Тилек" атайын бала бакчасына - 1,0 бирдик

4

Музыка боюнча кызматкер

19,25

2,75

10,25

3,25

3,00

 

 

1 наристелер тобуна - 0,25 бирдик

5

Чарба жумушчулары

15,25

2,50

8,00

1,75

3,00

 

 

6 жана андан ашык топторго - 0,25 бирдик

6

Балдар дарыгери

1,00

1,00

 

 

 

 

 

№ 164 "Ах-Тилек" атайын бала бакчасында

7

Ортоптист-медайым

1,00

 

1,00

 

 

 

 

№ 174 атайын бала бакчасында

8

Психиатр дарыгер

1,00

1,00

 

 

 

 

 

№ 164 "Ак-Тилек" атайын бала бакчасында

9

Дарылоо- дене тарбиясынын инструктору

0,50

0,50

 

 

 

 

 

№ 164 "Ак-Тилек" атайын бала бакчасында

10

Укалоочу

1,00

1,00

 

 

 

 

 

№ 164 "Ак-Тилек" атайын бала бакчасында

11

Чарбагер

8,50

3,00

1,00

3,00

1,50

 

 

№ 4, 5, 26, 49, 64, 66, 72, 73, 75, 78, 91, 122, 162, 164, 172, 173, 185 мектепке чейинки билим берүү уюмдарына - 0,5 бирдиктен

12

Ашпозчу

17,00

1,00

11,00

 

5,00

 

 

10 жана андан ашык топ - 1,0 бирдик

13

Логопед

11,00

4,00

 

3,00

4,00

 

 

№ 28, 52, 64, 185, 61, 75, 51, 113, 145, 162 мектепке чейинки билим берүү уюмдарына - 1,0 бирдиктен

14

Түнкү мезгилде иштөөчү медайым

1,00

 

 

 

1,00

 

 

№ 48 атайын бала бакчасында - 1,0 бирдик

 

Мектепке чейинки билим берүү уюмдары боюнча жыйынтыгы

161,50

33,25

71,25

21,50

35,50

0,00

0,00

 

 

Бардыгы:

574,75

139,75

155,50

111,50

144,50

5,00

18,50

 

 

Бишкек шаардык кеңештин аппарат жетекчисинин милдетин убактылуу аткаруучу

 

Р.Садыралиев

 

 

 

Бишкек шаардык кеңештин
2016-жылдын 23-мартындагы
№ 177 токтомуна
4-тиркеме

Кызматкерлерге келишимдик негизде ай сайын акы төлөө
ӨЛЧӨМҮ

(сом)


к/к

Аталышы

сумма

1

Кварталдык комитеттердин төрагалары

үй ээлигин тейлөө үчүн 15 сом

2

Үй комитеттеринин төрагалары

квартира тейлөө үчүн 13 сом

3

Аксакалдар сотунун төрагалары

2000

4

Ирригация тармагынын мурап-техниктери

6800

5

Үй алдындагы аймактын короо тазалагычтары

6800

 

Бишкек шаардык кеңештин аппарат жетекчисинин милдетин убактылуу аткаруучу

 

Р.Садыралиев

 

 

 

Бишкек шаардык кеңештин
2016-жылдын 23-мартындагы
№ 177 токтомуна
5-тиркеме

"Алга-Бишкек" футбол клубу муниципалдык мекемесинин кызматкерлеринин кызматтык
АЙЛЫК АКЫЛАРЫ

 

 

(сом)

катар

Кызматкерлердин аталышы

Кызматтык айлык акы

Администрациялык-башкаруу персоналы

1

Директор

7200

2

Спорт директору

5800

3

Башкы бухгалтер

5500

4

Администратор

5000

5

Дарыгер

5000

6

Укалоочу

4300

Машыктыруучу курам

1

Башкы машыктыруучу

7200

2

Машыктыруучу

5600

Кенже жана техникалык тейлөөчү персонал

1

Катчы

2700

2

Жайларды тазалоочу

2500

3

Кароолчу

2500

4

Чарба жумушчусу

2500

 

Бишкек шаардык кеңештин аппарат жетекчисинин милдетин убактылуу аткаруучу

 

Р.Садыралиев

 

 

 

Бишкек шаардык кеңештин
2016-жылдын 23-мартындагы
№ 177 токтомуна
6-тиркеме

2016-жылдын 1-январына карата чыгашалардан ашкан кирешелердин эсебинен багытталуучу
ЧЫГАШАЛАРДЫН СУММАСЫ

 

 

(миң сом)

 

Мекемелердин аталышы

Кайсы максаттарга

сумма

 

Шаардык бюджет - бардыгы

 

95372,8

701

Жалпы багыттагы мамлекеттик кызматтар

кызматкерлердин тамактануусуна жана жол киресине карата чыгымдарды компенсациялоого

32226,6

 

Бишкек шаарынын мэриясы

 

5821,1

 

Бишкек шаардык кеңеш

 

2017,0

 

Шаардык каржы башкармалыгы, Бишкек шаардык КРБсы

 

3154,5

 

Ленин административдик району:

райондук администрация, райондук финансы бөлүмү, казыналыктын райондук бөлүмү, муниципалдык аймактык башкармалыгы

 

5343,9

 

Октябрь административдик району:

райондук администрация, райондук финансы бөлүмү, казыналыктын райондук бөлүмү, муниципалдык аймактык башкармалыгы

 

5195,6

 

Биринчи май административдик району:

райондук администрация, райондук финансы бөлүмү, казыналыктын райондук бөлүмү, муниципалдык аймактык башкармалыгы

 

5715,5

 

Свердлов административдик району:

райондук администрация, райондук финансы бөлүмү, казыналыктын райондук бөлүмү, муниципалдык аймактык башкармалыгы

 

4979,0

704

Экономикалык маселелер

 

48000,0

 

"Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы" МИ

кайта кайтаруу негизинде бюджеттик ссуда

8000,0

 

"Бишкекасфальтсервис" МИ

адистештирилген техниканы, агрегаттарды жана механизмдерди алууга карата кайта кайтаруу негизинде бюджеттик ссуда

40000,0

706

Турак жай-коммуналдык кызматтар

 

8346,2

 

"185" тез чара көрүү кызматы

кызматкерлердин тамактануусуна жана жол киресине карата чыгымдарды компенсациялоого

346,2

 

"Жашыл курулуш" МИ

адистештирилген техниканы (грейдер) алууга

8000,0

709

Билим берүү

 

6800,0

 

Билим берүү башкармалыгы

№ 33 орто мектебинин спорт залын ремонттоого

6800,0

 

Бишкек шаары боюнча бардыгы:

 

95372,8

 

Бишкек шаардык кеңештин аппарат жетекчисинин милдетин убактылуу аткаруучу

 

Р.Садыралиев

 

 

 

Бишкек шаардык кеңештин
2016-жылдын 23-мартындагы
№ 177 токтомуна
7-тиркеме

2016-жылга капиталдык салымдардын
ТИЗМЕГИ


К/к

Объекттердин аталышы

Долбоордук кубаттуулугу

Болжолдуу сметалык наркы
(миң сом)

Бюджетте каралды
(миң сом)

Эскертүү

 

Бардыгы

 

 

1212538,4

 

 

Бишкек шаарынын мэриясы, анын ичинде:

 

1974549,4

851928,7

 

 

I. ИМАРАТТАРДЫ ЖАНА КУРУЛМАЛАРДЫ КУРУУ

 

1207575,5

362410,7

 

 

Кредиттик карыз

 

8115,7

8115,7

 

 

"Турак жай курулуш"

 

429037,0

39638,4

 

1

"Тунгуч" кичирайонундагы 135 батирлүү ири панелдүү турак үй (№ 2)

5949 м2

176887,0

8300,0

өтмө объект

2

"Тунгуч" кичирайонундагы 27 батирлүү ири панелдүү турак үй (блоксекция)

2002 м2

38300,0

12738,4

үлүштүк катышуучулардын каражаттарынын эсебинен

3

7-кичирайонунда курулган социалдык маданий объекттери менен 28 каркастык кирпичтүү турак үй

3768 м2

115250,0

0,0

үлүштүк катышуучулардын каражаттарынын эсебинен

4

5-кичирайонунда 72 батирлүү көп кабаттуу турак үй

4005 м2

95000,0

15000,0

үлүштүк катышуучулардын каражаттарынын эсебинен

5

Турак жай куруу боюнча долбоорлоо-чалгындоо иштери

 

3600,0

3600,0

 

5.1

"Тунгуч" кичирайонундагы 27 батирлүү ири панелдүү № 2 турак үйү (блоксекция)

долбоор

700,0

700,0

 

5.2

"Жал" кичирайонундагы 45 батирлүү ири панелдүү турак үй (блоксекция)

долбоор

900,0

900,0

 

5.3

№ 5 кичирайонунда 72 батирлүү ири панелдүү турак үй

долбоор

2000,0

2000,0

 

 

"Коммуналдык курулуш"

 

589030,0

207456,6

 

1

Бишкек шаарынын энергия камсыздоосу, анын ичинде:

 

19230,0

17430,0

 

1.1

Анкара көчөсүнөн Салиева көчөсүнө чейинки Ауэзов көчөсүндө тышкы жарыктандыруу тармактарын куруу

 

3930,0

2130,0

2015-жылдан бери өткөн

1.2

Л.Толстой көчөсүнөн Дэн Сяопин проспектине чейин Сыдыгалиев көчөсүндө тышкы жарыктандыруу тармактарын куруу, анын ичинде долбоорлоо-чалгындоо иштери

52 жарык чекити

3500,0

3500,0

киргизүү

1.3

Лермонтов көчөсүнөн Ауэзов көчөсүнө чейинки Чүй көчөсүндө тышкы жарыктандыруу тармактарын куруу

185 жарык чекити

8200,0

8200,0

киргизүү

1.4

Токтоналиев көчөсүнөн Ташкөмүр көчөсүнө чейинки көчөсүндө тышкы жарыктандыруу тармактарын куруу, анын ичинде долбоорлоо-чалгындоо иштери

82 жарык чекити

3600,0

3600,0

киргизүү

2

"Кок-Жар" конушундагы Шабдан Баатыр көчөсүнүн, Түштүк чоң Чүй каналынын, Достоевский көчөсүнүн, Чыгыш чоң Чүй каналынын аралыгындагы магистралдык канализациялык тармактар

объект

69250,0

20000,0

2015-жылдан бери өткөн

3

"Кок-Жар" конушунун Молдакулов, Ой-Терскен, Керемет, Жеңижок жана Куйручук көчөлөрүндөгү магистралдык канализациялык тармактар

объект

20000,0

20000,0

 

4

Шаардык көрүстөн Гроздь айылындагы 2-коё берилүүчү комплекс

объект

327800,0

17617,8

2015-жылдан бери өткөн

5

Братская көрүстөнүн периметр боюнча тосуу

объект

4550,0

3500,0

2015-жылдан бери өткөн

6

№ 4 шаардык клиникалык оорукананын районунда мемориалдык стелла дарбазасын куруу менен эски көрүстөндү тосуу

объект

4550,0

3000,0

2015-жылдан бери өткөн

7

№ 1 шаардык оорукананын аймагында Фучик көчөсүндө оорукана үчүн тышкы инженердик тармактар

объект

36900,0

36000,0

 

8

7-кичирайонунда 28 батирлүү турак үйдөгү социалдык маанидеги курулган объект

объект

16500,0

3308,8

 

9

"Джал" кичирайонунда кытай тилин үйрөтүү менен орто мектепке тышкы инженердик тармактар

объект

5 100,0

4 700,0

 

10

Магистралдык ирригациялык тармактарды, каналдарды реконструкциялоо жана скважина куруу, анын ичинде:

 

9900,0

6650,0

 

10.1

Жеңиш сейилбагында ирригациялык скважина куруу

объект

2800,0

2000,0

2015-жылдан бери өткөн

10.2

Садыгалиев көчөсүндө ирригациялык скважина куруу

объект

2750,0

2750,0

 

10.3

Чүй пр. Горький көчөсүнө чейин Чолпон-Ата көчөсүндөгү сугаруучу суу түтүгү

объект

4350,0

1900,0

2015-жылдан бери өткөн

11

№ 8 милициянын шаардык бөлүмүн (МШБ) куруу (анын ичинде 6000,0 миң сом - жабдуу)

объект

28250,0

28250,0

 

12

Чоң Чүй каналынан төмөн Сүйүнбаев көчөсү боюнча 1*400 кВА 10/0,4-КЛ ШКТКЧ орнотуу

объект

1800,0

1800,0

 

13

Рысмендиев, Келдибек Карбоз уулу, М.Асанбаев көчөлөрү, Лесхозный, Западный туюк көчөлөрү боюнча борбордук канализация өткөрүү, анын ичинде долбоорлоо-чалгындоо иштери

объект

8000,0

8000,0

 

14

№ 12 мектепке чейинки билим берүү имаратына кошумча курулманы долбоорлоо жана куруу, анын ичинде долбоорлоо-чалгындоо иштери

объект

19200,0

19200,0

 

15

Кокчетавская, Махатма Ганди, Саадаев көчөлөрү жана Манас пр., менен чектелген аймакта; Лебедь Кумач көчөсүндө канализация куруу, анын ичинде долбоорлоо-чалгындоо иштери

объект

18000,0

18000,0

 

 

"Билим берүү" бардыгы, анын ичинде:

 

41456,6

34250,0

 

1

Октябрь районунун № 3 кичирайонунда музыкалык мектепке концерттик залды кошумча куруу (анын ичинде 6850,0 миң сом - жабдуу)

объект

32606,6

25400,0

2015-жылдан бери өткөн

2

"Кок-Жар" конушунун Шоокум көчөсүндөгү 280 орундуу бала бакча үчүн тышкы видео байкоо

объект

500,0

500,0

 

3

"Джал" кичирайонунда кытай тилин үйрөтүү менен мектеп (автордук көзөмөл жана башка чыгымдар)

объект

500,0

500,0

 

4

Билим берүү объекттеринин курулушу боюнча долбоорлоо-чалгындоо иштери

 

7850,0

7850,0

 

 

"Саламаттык сактоо"

 

96136,2

39700,0

 

1

"Тунгуч" кичирайонунда № 2 турак үйдүн цоколдук кабатында 150 келүүлөргө үй-бүлөлүк медицина борборун куруу (№ 5 үй-бүлөлүк медицина борборунун филиалы), анын ичинде жабдуу

объект

29836,2

16950,0

өтмө объект

2

Бишкек шаардык травмотология жана ортопедия илим изилдөө институту (кирүү топ), анын ичинде долбоорлоо-чалгындоо иштери

объект

15000,0

8250,0

 

3

Шаардык балдардын тез медициналык жардам клиникалык ооруканасынын кабыл алуу блогу, анын ичинде долбоорлоо-чалгындоо иштери

объект

15000,0

8250,0

 

4

Тыныбеков көчөсү, 90догу № 2 бейтапкананын филиалын куруу, анын ичинде долбоорлоо-чалгындоо иштери

объект

35000,0

4950,0

 

5

Саламаттык сактоо объекттери боюнча долбоорлоо-чалгындоо иштер

 

1300,0

1300,0

 

5.1

Көк-Жар конушундагы Молдокулов көчөсүндө 5 автомашинага тез жардам станциясы менен 150 келүүлөргө үй-бүлөлүк медицина борбору

объект

1300,0

1300,0

 

 

"Маданият"

 

11750,0

11750,0

 

1

Мамлекеттик маанидеги саммиттерди өткөрүүгө объекттерди куруу

 

10750,0

10750,0

 

2

Маданият объекттери боюнча долбоорлоо-чалгындоо иштер

 

1000,0

1000,0

 

2.1

"Асанбай" кичирайонунда дене тарбия - ден соолукту чыңдоо комплексин куруу (Октябрь району)

110 ч/с

1000,0

1000,0

 

 

Долбоорлоо-чалгындоо иштери

 

32050,0

21500,0

 

1

Шаардын борбордук бөлүгүнүн деталдуу пландоо долбоору

 

18000,0

9500,0

 

2

Бишкек шаарынын түштүк бөлүгүнүн суу менен жабдуу жана канализациянын магистралдык тармактары

 

5050,0

3000,0

 

3

Перспективдүү объекттерди куруу үчүн долбоорлоо-чалгындоо иштер

 

9000,0

9000,0

 

 

II. ЖОЛДОРДУ КУРУУ ЖАНА РЕКОНСТРУКЦИЯЛОО

 

766973,9

489518,0

 

1

Кредитордук карыз

 

35404,2

35404,2

 

2

Негизги жолдорду реконструкциялоо жана реабилитациялоо, анын ичинде:

4,8

691506,7

424050,8

 

2.1

Дэн Сяопин проспектинен Талды-Суу көчөсүнө чейинки Патриса Лумумбы көчөсү

2,5 км

114879,0

58879,0

өтмө объект

2.2

Гагарин көчөсүнөн Бах көчөсүнө чейинки Космическая көчөсү

0,7 км

22927,0

11927,0

өтмө объект

2.3

Киев көчөсүнөн Токтогул көчөсүнө чейинки Орозбеков көчөсү

0,4

22982,8

13377,1

 

2.4

Л.Толстой көчөсүнөн Дэн Сяопин проспектине чейинки Садыгалиев көчөсү

1,2

47273,0

6022,4

 

2.5

Аламедин суусу аркылуу Чүй проспектиндеги көпүрө

 

33898,0

16949,0

 

2.6

Ауэзов көчөсүндөгү ЖЭБ каналы аркылуу көпүрө

 

41248,6

33248,6

 

2.7

М.Ганди көчөсүндөгү ЧЧК аркылуу көпүрө

 

35000,0

17661,0

 

2.8

Ауэзов көчөсүнөн Лермонтов көчөсүнө чейинки Чүй проспекти

2,0

225311,6

118000,0

 

2.9

Юнусалиев көчөсүнөн Каралаев көчөсүнө чейинки Суеркулов көчөсү

 

28000,0

28000,0

 

2.10

Жол өткөөлдөн Горький көчөсүнө чейинки Шабдан Баатыр көчөсү

1,2

65000,0

65000,0

 

2.11

Ала Арча суусу аркылуу жөө адамдар өтүүчү көпүрө куруу менен Айтматов көчөсүнөн Байтик Баатыр көчөсүнө чейинки Түштүк магистралда тротуар куруу (Түштүк тарап), анын ичинде долбоорлоо-чалгындоо иштери

 

22930,0

22930,0

 

2.12

Кытай гранты боюнча башка чыгымдар (курулуштарды, тосмолорду сатып алуу жана алып салуу)

 

32056,7

32056,7

 

3

Долбоорлоо-чалгындоо иштер жана башка чыгымдар (экспертиза, АПУ, макулдашуу жана каттоо)

 

25000,0

20000,0

2015-жылдан бери өткөн

4

Кытай эл республикасынын грантынын долбоору боюнча автордук көзөмөл

 

15063,0

10063,0

 

 

Бишкек шаарынын мэриясынын КМККБсы

 

 

 

 

 

I. ИМАРАТТАРДЫН ЖАНА КУРУЛМАЛАРДЫН КУРУЛУШУ

 

 

 

 

 

Бардыгы

 

 

340000,0

 

1

Биринчи май административдик району

 

 

181083,0

 

1.1

"Көлмө" конушундагы бала бакча

140 орун

86000,0

72123,0

2016-жылы киргизүү

1.2

"Көлмө" конушундагы бала бакчага суу жабдуу

 

1000,0

500,0

2016-жылы киргизүү

1.3

"Көлмө" конушундагы бала бакчага канализация

 

10000,0

800,0

2016-жылы киргизүү

1.4

"Көлмө" конушундагы бала бакчага электр жабдуу

 

 

600,0

2016-жылы киргизүү

1.5

"Мурас-Ордо" конушундагы мектеп

450 окуучу орун

160000,0

2000,0

бүтөө

1.6

"Калыс-Ордо" конушундагы мектеп (кош каржылоо)

 

 

70000,0

2016-жылы киргизүү

1.7

"Калыс-Ордо" конушундагы мектепке канализация

 

3000,0

3000,0

2016-жылы киргизүү

1.8

"Калыс-Ордо" конушундагы мектепке электр жабдуу

 

9000,0

9000,0

2016-жылы киргизүү

1.9

"Ак-Босого" конушундагы мектеп

960

200000,0

2000,0

бүтөө

1.10

"Көлмө" конушундагы Мидин көчөсүн асфальттоо (М.Гвардия көчөсүнөн Жеткинчек көчөсүнө чейин)

1,0 км

24407,9

15000,0

аяктоо

1.11

"Калыс-Ордо" конушундагы светофор

 

1560,0

1560,0

жаңы, 2016-жылы киргизүү

1.12

"Мурас-Ордо" конушундагы суу жабдуу

 

2000,0

1500,0

аяктоо

1.13

"Мурас-Ордо" конушундагы скважина

 

2000,0

2000,0

аяктоо

1.14

"Жеңиш" конушундагы суу тосмону реконструкциялоо

 

1500,0

1000,0

аяктоо

2

Ленин административдик району

 

 

81144,0

 

2.1

"Ак-Өргө" конушундагы милициянын шаардык бөлүмүнүн имараты

 

22926,0

300,0

өтмө объект

2.2

"Ак-Өргө" конушундагы Өгүз-Ата, Ашар көчөлөрүндө светофор

 

1520,3

110,0

аяктоо

2.3

"Ак-Өргө" конушундагы Огуз-Ата, Алыкулова көчөлөрүндө светофор

 

1156,4

350,0

аяктоо

2.4

"Арча-Бешик" конушундагы Шералы, Жайыл Батыр көчөлөрүндөгү светофор

 

1292,6

110,0

аяктоо

2.5

"Арча-Бешик" конушундагы Жайыл-Батыр, Чортекова көчөлөрүндөгү светофор

 

1394,2

110,0

аяктоо

2.6

"Ак-Ордо" конушундагы мектеп

960 окуучу орун

200000,0

33664,0

бүтөө

2.7

"Ак-Ордо" конушундагы Гагарин көчөсүн асфальттоо (2-этап)

1,4 км

54876,0

26000,0

аяктоо

2.8

"Ак-Ордо" конушундагы электр жабдуу

 

3824,4

1500,0

аяктоо

2.9

"Ак-Ордо" конушундагы Ахунбаев көчөсүндөгү суу жабдуу

 

6608,6

2000,0

аяктоо

2.10

"Арча-Бешик" конушундагы дене тарбия-ден соолукту чыңдоо комплексине – суу жабдуу (Газпром балдарга)

 

1500,0

1500,0

2016-жылы киргизүү

2.11

"Арча-Бешик" конушуңдагы дене тарбия-ден соолукту чыңдоо комплексине - электр жабдуу (Газпром балдарга)

 

2500,0

2500,0

2016-жылы киргизүү

2.12

"Арча-Бешик" конушундагы дене тарбия-ден соолукту чыңдоо комплексине - канализация (Газпром балдарга)

 

10000,0

10000,0

2016-жылы киргизүү

2.13

"Ала-Тоо" конушундагы, Ай-Бике көчөсүндөгү жол

0,4 км

10589,4

3000,0

аяктоо

3

Свердлов административдик району

 

 

51030,0

 

3.1

"Дордой" конушундагы светофор

 

1560,0

1660,0

2016-жылы киргизүү

3.2

"Дордой" конушундагы мектеп

960 окуучу орун

202732,5 - подряд

4170,0

аяктоо

3.3

"Дордой" конушундагы мектепке жол

 

14499,0

1500,0

аяктоо

3.4

"Дордой" конушундагы мектепке ирригация

 

1000,0

1000,0

аяктоо

3.5

"Бакай-Ата" конушундагы Таала көчөсүн асфальттоо

1,2

39591,9

39000,0

аяктоо

3.6

"Ак-Бата" конушундагы жолдор

2,5 км

54690,3

2200,0

аяктоо

3.7

"Ак-Бата" конушундагы суу жабдуу

 

1500,0

1500,0

аяктоо

4

Октябрь административдик району

 

 

9000,0

 

4.1

"Кара-Жыгач" конушундагы мектеп

 

9000,0

9000,0

ремонттоо-калыбына келтирүү иштер

5

Бишкек шаарынын конуштарынын көчөлөрүн көрсөтүү менен аншлагдарды даярдоо жана орнотуу

 

1700,0

1700,0

 

6

Долбоорлоо иштери

 

 

9400,0

 

7

Кредитордук карызды жоюу

 

 

6643,0

 

 

Бишкекглавархитектура

 

 

 

 

 

Бардыгы

 

 

20000,0

 

1

Бишкек шаарынын нак пайдалануу чектерин белгилөө

 

315,3

315,0

 

2

"Бишкек шаарынын жылуулук жабдуу, электр жабдуу, газ жабдуу, суу жабдуу жана суу бөлүштүрүү чиймелери" долбоорун иштеп чыгуу

 

15949,0

3646,0

 

3

Электрондук версиядагы Бишкек шаарынын шаар курулуш кадастрын иштеп чыгуу

 

96659,5

3000,0

 

4

Жол-транспорттук тармактардын жана коммуникациялардын пландоо ишин иштеп чыгуу

 

10800,0

2000,0

 

5

2016-2025-жылдарга Бишкек шаарын жашылдандыруу чиймеси

 

3729,8

1870,0

 

6

"Бишкек шаарынын ирригациялык тармагын реконструкциялоо" долбоору

 

4534,7

2270,0

 

7

Бишкек шаарынын жашылдандырылган аймактарынын чектерин аныктоо

 

15952,6

3000,0

 

8

Жергиликтүү маанидеги тарыхый-маданий мурас объекттерин коргоо зоналарынын долбоорун иштеп чыгуу

 

50762,8

3899,0

 

 

"Бишкекводоканал" ӨЭБсы

 

 

609,7

 

1

"Баш-Карасуу" суу тосмосун жана "Ак-Ордо" конуштарына магистралдык суу түтүктөрүн куруу

 

 

609,7

 

 

Бишкек шаардык кеңештин аппарат жетекчисинин милдетин убактылуу аткаруучу

 

Р.Садыралиев