Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

ДЕПУТАТТАРДЫН БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Бишкек шаары, 2006-жылдын 28-ноябры N 266

Бишкек шаарынын

Күнү жөнүндө

Шаар салттарын өнүктүрүүнү улантуу максатында, Кыргыз Республикасынын Улуттук академиясынын Тарых институту, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик архив агенттиги жана Кыргыз мамлекеттик тарых музейи тарабынан берилген объективдүү, тарыхый ишенимдүү документтерге таянып, Бишкек шаары негизделген датасы анык көрсөтүлгөн тарыхый материалдардын негизинде Депутаттардын Бишкек шаардык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.     29-апрель Бишкек шаарынын Күнү деп эсептелсин.

 

2. Бул токтом жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.

Төрайым                                                                     Н. С. Байболова