Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШТИН

ТОКТОМУ

 

Бишкек шаардык кеңештин 2015-жылдын 29-апрелиндеги

№124“Бишкек шаарынын көп кабаттуу турак үйлөрүндөгү

лифттерди күтүүгө, техникалык тейлөөгө жана

эксплуатациялоону уюштурууга тарифтерди бекитүү жөнүндө”

токтомуна толуктоолорду

киргизүү тууралуу

 

Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексинин 73-беренесинин 3-пунктуна ылайык, Бишкек шаарынын көп кабаттуу турак үйлөрүндөгү лифттерди күтүүгө, техникалык тейлөөгө жана эксплуатациялоону уюштурууга тарифтерди колдонууну тактоо максатында, Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бишкек шаардык кеңештин 2015-жылдын 29-апрелиндеги № 124 “Бишкек шаарынын көп кабаттуу турак үйлөрүндөгү лифттерди күтүүгө, техникалык тейлөөгө жана эксплуатациялоону уюштурууга тарифтерди бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкү толуктоолор киргизилсин:

         1-пункттун а) жана б) пунктчаларында  “(балкондордун жана лоджиялардын аянтын эсептебестен,)” деген сөздөрдөн кийин “үчүнчү жана кийинки кабаттарда жайгашкан,” деген сөздөр менен толукталсын.

2. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

3.Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо турак жай-коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекс, транспорт, коммуникация жана     инвестиция   боюнча туруктуу комиссиясына (П.Н.Десятников)жана Бишкек шаарынын вице-мэринин милдетин аткаруучу Г. А. Милицкийге жүктөлсүн.

 

Төрага                                                                        А. М. Кененбаев

Бишкек ш.,

8-декабрь 2015-жыл  № 158